ОКУУЧУНУН НАРК КОДЕКСИ
- 30.08.2023
- 0
- Мен чыныгы мекенчил катары Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, мамлекеттик символдорун, Айкөл Манас атабыздын осуяттарын билем жана сыйлайм.
- Мен дүйнөдөгү эң байыркы элдин урпагы катары өзүмдүн тарыхымды, каада-салтымды, тилимди жана асыл нарктарыбызды баалайм.
- Мен ата-бабаларыбыздын нарк-насааттарын, улуу муундун ой-пикирин урматтайм.
- Мен ата-энемдин, мугалимдеримдин, классташтарымдын жана бардык мекендештеримдин укугун, кадыр-баркын сыйлайм.
- Мен талыкпай окуп, изденип, чет тилдерди, санариптик жаңы технологияларды, алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнөм. Билим алуу менин эң негизги милдетим экенин түшүнөм.
- Мен адал эмгек менен гана баар таап, бакубат турмуш курууну максат кылам.
- Мен улуулардан үйрөнгөнүмдү кийинки муунга өткөрүп берүүгө милдеттенем.
- Мен мектеп буюмдарын сарамжалдуу колдоном жана аярлуу окуучулардын коопсуздугуна кам көрөм.
- Мен мектептин коомдук иш-чараларына жигердүү катышам. Мектепти аяктагандан кийин да жардамымды аябайм.
- Мен жаратылышка, айлана-чөйрөгө жана жан-жаныбарларга аяр мамиле кылам. Мен климаттын өзгөрүшүнө таасир эте аларымды билем.
- Мен жан дүйнөмдүн аруулугун, дене-бой тазалыгын сактап, мектебимдин жана бүтүндөй Кыргызстандын тазалыгы үчүн кам көрөм.
- Менин жетишкендиктерим менен ата-энем, мугалимдерим жана сүйүктүү мекеним сыймыктанышы үчүн бүт аракетимди жумшайм.
Бөлүшүү
Комментарийлер