ОКУУЧУЛАРГА ҮЙ ШАРТЫНДА БИЛИМ БЕРГЕН МУГАЛИМГЕ МИНИСТР НОУТБУК БЕЛЕК КЫЛДЫ

  • 11.09.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Баткен районундагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Миргүл Эшимовага өз эмгек акысынан ноутбук белек кылды. Аны 10-сентябрда Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов жеткирип берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ОКУУЧУЛАРГА ҮЙ ШАРТЫНДА БИЛИМ БЕРГЕН МУГАЛИМГЕ МИНИСТР НОУТБУК БЕЛЕК КЫЛДЫ

Мындан эки күн мурда интернетте окуучулардын үйдө билим алып жаткан сүрөтү тараган. Билим берүү жана илим министрлиги дароо сүрөттүн чоо-жайын аныктап, ал Баткен районунан 50 чакырым алыс жайгашкан чек ара аймагындагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими тарабынан тартылгандыгын билдирген. Окуучулар менен кайтарым байланыш учурунда атаэнелер тарабынан түшүнбөөчүлүк жаралып, алар мугалимге көмөктөшүүнү суранып кайрылышкандыктан, мугалим 2-сентябрда окуучуларды үйүнө чакырып, кайтарым байланыш каражаттарын практика түрүндө көрсөтүп берген. Сабак убагында мугалим окуучуларды социалдык аралыкты сактоо менен отургузуп, ар бирин маска менен гана киргизген. Сабак 15 мүнөткө созулган жана андан бери педагог кайтарым байланышты аралыктан өтүп келет.

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдин бул аракетиндеги балдарга билим берүүгө болгон каалоосун, өз кесибин сүйгөндүгүн, окуучуларына кайтарым байланышты түшүндүрүүгө болгон далалатын, окуучулардын билим алууга болгон ынтызаарлыгын, дилгирлигин баалайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер