Окуучуларга Баңгизатка каршы күрөшүү тууралуу лекция өткөрүлдү

  • 30.10.2024
  • 0

ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы Маевка жана Пригородный айылдарынын, №8 жана №54 орто мектептеринин окуучуларынын ата-энелери үчүн профилактикалык лекция өткөрүштү.

Окуучуларга Баңгизатка каршы күрөшүү тууралуу лекция өткөрүлдү

Жолугушуунун негизги максаты ата-энелерге баңги жана психоактивдүү заттарды колдонуунун жаштар арасындагы зыяндуу кесепеттери жөнүндө, ошондой эле баңгиликке жол бербөө үчүн алдын алуу чаралары тууралуу маалымат жеткирүү  болгон.

Окуучуларга Баңгизатка каршы күрөшүү тууралуу лекция өткөрүлдү

Лекцияда баңгизатка көз карандылык көйгөйлөрү, медициналык жана социалдык аспектилерин кеңири талкууланды.

БМЖКККнын кызматкерлери ата-энелерди балдарынын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө көңүл бурууга, баңгизаттын зыяны темасында такай баарлашууга жана алдын алуу иштерине активдүү катышууга чакырышты. Ошондой эле ата-энелерге колдоо кызматтары жөнүндө маалымат берилди.

Окуучуларга Баңгизатка каршы күрөшүү тууралуу лекция өткөрүлдү

Бөлүшүү

Комментарийлер