ОКУУЧУЛАРДЫН ЖАЗГЫ ЭС АЛУУ КҮНДӨРҮ БЕЛГИЛЕНДИ
- 13.03.2018
- 0
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 5 күндүк окутуу жүргүзүлгөн мектептерде жазгы эс алуу 21-марттан 30-мартка чейин созулат. Узактыгы жалпысынан 10 күндү түзөт.
Ал эми алты күндүк окутуу жүргүзүлгөн мектептерде, анын ичинде 9-класстын окуучулары үчүн — 21-марттан 25-мартка чейин же 5 күн. Ошондой эле, буйрук III жана IV чейректердеги окуу-тарбиялык процессинин узартылышын төмөнкүдөй белгиледи: беш күндүк окутуу жүргүзүлгөн мектептерде III чейректеги ишемби күндөрдүн эсебинен; алты күндүк окутуу жүргүзүлгөн мектептерде 26-марттан 30-мартка чейин жазгы эс алуу күндөрүнүн жана окуу жылынын 26-майдан 29-майга чейин узартылышынын эсебинен. Сабактарды узартуу суукка байланыштуу 26-январдан 3-февралга чейин окуу процессинин токтолушуна байланыштуу келип чыкты. Акыркы коңгуроо салттуу түрдө 25-майда кагылат.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер