ОКУУЧУЛАРДЫН ӨЗДҮК ДЕЛОЛОРУ САНАРИПТИК ФОРМАТКА ӨТҮҮДӨ
- 26.06.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жаңы санариптик инструментти – окуучунун электрондук өздүк делосун (ЭӨД) ишке киргизмекчи. Электрондук өздүк дело санариптик форматта окуучунун жетишкендиги жөнүндө маалыматты, социалдык жана демографиялык маалыматтарын камтыйт.
Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева кабарлагандай, ЭӨДны киргизүү билим берүү системасындагы санариптик трансформациянын логикалык уландысы болуп калды. Бул кадам документ жүгүртүүнү жөнөкөйлөтүүгө гана мүмкүндүк бербестен, окуучулар тууралуу маалыматтарды чогултууга, сактоого жана пайдаланууга болгон мамилени да кескин өзгөртөт.
Электрондук өздүк делодо академиялык маалымат (жетишкендиги, олимпиадаларга катышканы, тартиптик эскертүүлөр) да, маанилүү социалдык маалыматтар (баланын статусу, майыптыгынын бар экендиги, аярлуу топторго таандыктыгы ж.б.) да чагылдырылат.
ЭӨДны киргизүүнүн негизги максаттарынын бири мугалимдер менен мектептердин ишин бюрократиядан арылтуу болуп саналат. Министрликтин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө мугалимдер ар түрдүү мекемелерге – Саламаттык сактоо министрлигинен тартып райондук администрацияларга чейин – 46га жакын түрдүү отчётторду толтурушат. Отчёттордун көпчүлүк бөлүгү облустар жана райондор боюнча окуучулар тууралуу ар кандай статистикалык маалыматтарды чогултууга багытталган. ЭӨД жана мамлекеттик маалымат базаларын билим берүүнү башкаруунун бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу интеграциялоо маалыматты чогултууда жана отчётторду түзүүдө кайталоону жоюуга жана жүктү азайтууга шарт түзөт.
Комментарийлер