ОКУУЧУЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ИЛИМ, ТЕХНИКА ЖАНА ӨНДҮРҮШ ЖУМАЛЫГЫ ӨТӨТ

  • 06.02.2022
  • 0

2022-жылдын 7-февралынан 12-февралына чейин Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн Республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өткөрүлөт. 10 жылдан ашык убакыттан бери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы өлкөдө окуучу жаштар үчүн илимий изилдөөлөрдүн жана өндүрүштүн кызыктуу дүйнөсүн ачуу максатында Жумалык өткөрүп келет.

Бул иш-чаранын максаты – балдардын зээндүүлүк жөндөмүн кеңейтүү эле эмес, аларды табигый-математикалык дисциплиналарга жана техникалык багыттагы кесиптерге кызыгуусун арттыруу саналат. Бүгүнкү күндө өлкөбүз өнөр жай менен өндүрүштү кайра жандантууга жана активдүү өнүктүрүүгө муктаж, бирок жаңы технологияларсыз жана квалификациялуу кадрларсыз буга жетишүү мүмкүн эмес!

Жумалыктын программасы абдан бай жана кызыктуу: 2022-жылдын 7-февралында Кыргызстандын бардык билим берүү мекемелеринде анын салтанаттуу ачылышы болот. Жумалыктын алкагында өлкөнүн мектеп окуучулары үчүн Бишкек жана Ош шаарларында Кыргыз Республикасынын Илимдер улуттук академиясынын окумуштуулары менен жолугушуулар, «Технопаркка» жана илимий-изилдөө институттарына экскурсиялар, Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Ош технологиялык университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана башка алдыӊкы окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы менен тегерек столдор, дүйнөлүк илимдин жана техниканын жетишкендиктери жөнүндө лекциялар, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоорлордун конкурстары, интеллектуалдык оюндар жана викториналар өткөрүлөт.

Жумалыктын жүрүшүндө окуучу жаштарды технологиялык процесстер жана техникалык адистиктер менен тааныштыруу үчүн өлкө боюнча балдарга өнөр жай ишканаларына, фабрикаларга, заводдорго жана өнөрканаларга экскурсиялар уюштурулат. Бул күнү балдар ишканалардын ишин ичтен көрүүгө, инженерлер жана рационализаторлор менен жолугушууга эӊ сонун мүмкүнчүлүк алышат.

Жумалыктын эң көрүнүктүү окуяларынын бири 8-10-февралда өтө турган мектеп окуучуларынын «Илим + Ойлоп табуу = Техника!» аттуу республикалык илимий-техникалык олимпиадасы болмокчу. Бул жылы олимпиаданы Чолпон-Ата шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын №2 мамлекеттик резиденция-санаторийинде өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Ага Кыргызстандын бардык облустарынан 10 команда – 100дөн ашык адам катышат! Мектептик жана кенже лигалар үчүн ИТО үч этапта өткөрүлөт. I теориялык турда командалар «Кыргыз Республикасынын аймактарынын ортосунда темир жол каттамын өнүктүрүүнүн перспективалары» деген илимий-изилдөө темасында баяндама жасашат. II экспресс-турда командалар техникалык темада макеттерди жасоо үчүн керектүү шаймандардын жана дайыма колдонулуучу материалдардын бирдей комплекттерин алышат, алар аны сынак башталар алдында билишет. Мындан тышкары, балдар эссе жазуулары керек. III турда окуучулар үй тапшырмасы боюнча өздөрүнүн долбоорлорун жакташат. Жаш инженерлер поезддерди тар темир жолдон кенен жолго, кайра тескерисинче которуунун азыркы моделин же макетин иштеп чыгышы керек эле.

Мектеп окуучуларынын илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын салтанаттуу жабылышы, анын жыйынтыгын чыгаруу, ИТОнын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 10-февралда саат 12:30да №2 мамлекеттик резиденция-санаторийинин жыйындар залында өтөт. Жеңүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Өтмө кубогу, жаш инженерлерге окуудагы өзгөчө ийгиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарынын энчилүү стипендиялары тапшырылат.

Мектеп окуучуларынын Республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгы – экономиканын өнүгүшүнүн жана гүлдөшүнүн негизи болгон өлкөнүн илимий жана өндүрүштүк жашоосуна жаш муундардын кызыгуусун арттыруу үчүн кубаттуу түрткү!

Кошумча маалымат алуу жана кызматташуу үчүн (0553) 85-57-45 номери аркылуу Жигайлова Ольга Анатольевна менен байланышсаңыздар болот.

Бөлүшүү

Комментарийлер