ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫНЫН III ЭТАБЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
- 02.03.2023
- 0
Ысык-Көл облустук мектеп окуучуларынын 53-предметтик олимпиадасынын III этабы жыйынтыкталды.
Маалыматка ылайык, республикалык олимпиаданын III этабына жалпы 34 окуучу жолдомо алышкан. Алардын ичинен 9 окуучу I орунду, 6 окуучу II орунду, 5 окуучу III орунду, 1 окуучу IV орунду камсыз кылып облус боюнча Каракол шаары I орунга ээ болду.
Бул иш чарага облустук олимпиадада I орунду ээлеген окуучулардын мугалимдерине К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору А.Иманбаев окуу жайдын атынан “Ыраазычылык баракчасын” жана чакан белегин тартуулады. Эскерте кетсек, акыркы 2-3 жылдан бери Ысык-Көл облустук билим берүү институту менен тыгыз байланышта иштерди алып барып, демөөрчүлүк кылууда.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер