ОКУУЧУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУН БИРГЕ САКТАЙЛЫ!
- 12.09.2025
- 0
ОКУУЧУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУН БИРГЕ САКТАЙЛЫ!
Мектепте жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айланасында тамеки чегүүгө жана спирт ичимдиктерин ичүүгө катуу тыюу салынат. Бул чара окуучулардын коопсуздугун жана ден соолугун коргоо жана билим берүү чөйрөсүндө тартипти сактоо максатын көздөйт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, окуучулардын коопсуздугун жана ден соолугун коргоо, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө тартипти камсыз кылуу максатында, мектеп айланасында тамеки чегүүгө жана спирт ичимдиктерин колдонууга тыюу салынат.
Бул чектөө «Билим берүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негизделет.
Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
— Мектеп имаратынын ичинде жана анын 50 метрге чейинки радиусунда тамеки чегүүгө;
— Спирт ичимдиктерин ичүүгө же аны менен мектеп аймагына кирүүгө;
— Окуучулардын көзүнчө ушул сыяктуу терс үлгү көрсөтүүгө.
Бул мыйзам бузуулар үчүн жарандарга, ишкерлерге жана мекеме кызматкерлерине административдик жоопкерчилик каралган.
Билим берүү мекемеси – тарбия менен үлгүнүн очогу. Балдардын ден соолугун, өнүгүүсүн жана моралдык коопсуздугун камсыз кылуу – баарыбыздын милдетибиз.
Бардык жарандарды, ата-энелерди, мугалимдерди жана жергиликтүү коомчулукту мыйзамды сактоого, жаш муундар үчүн таза жана коопсуз чөйрө түзүүгө чакырабыз.
А.К.,
“Кут Билим”