ОКУУЧУЛАРДЫН КӨРКӨМ СЫНАГЫ

  • 30.04.2022
  • 0

Лейлек районунда көрүнүктүү акын К. Сабыровдун 80 жылдыгына карата «Өрүкзардын өчпөс акыны» аттуу кароо-сынак уюштурулуп, анын жыйынтыгы чыгарылды.

Кырктан ашуун мектептин окуучулары катышкан бул сынактын демилгечилери К. Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, эл аралык «Адабий Азия» конкурсунун жеңүүчүсү Тайир Аширбай жана кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин райондук секциясынын жетекчиси Арзыгүл Аширбаевалар болгондугун сөз башында айта кетели.

Сыйлык тапшыруу аземин Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.И. Жеемуратов ачты. Жеңүүчү окуучулар Курбаналы Сабыровдун ырларын көркөм окуп беришти. №1 гимназия-жатак интернатынын, «Исфана» жана О.Сапаров атындагы орто мектептеринин окуучулары обондуу ырларды , бийлерди, сахналык көрүнүштөрдү аткарышты.

Акын Курбаналы Сабыровдун классташы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Абдырахман Самидинов чогуу өткөргөн балалыгы, досунун жаштыгы, чыгармачылыгы тууралуу ойлорун ортого салды.
Андан соң, окуучуларга сыйлыктар тапшырылды. Баш байге О.Сапаров атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Сардарбек Мураталиевге ыйгарылды.

Он беш окуучуга дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилди. Он окуучуга Лейлек айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы жана баалуу китептер тапшырылды.
Жыйырма үч окуучу чыгармачыл жаш муунду жана ыр ышкыбоздорун колдоо багытында уюштурулган акын Тайир Аширбай атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болду.

Кароо-сынактын башкы демөөрчүлөрү Лейлек райондук билим берүү берүү бөлүмү, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошунунун райондук комитети, Лейлек айыл өкмөтү жана «Айыл Банк» ААКнын райондук бөлүмү болду.

Тайир АШИРБАЙ, Лейлек району

Бөлүшүү

Комментарийлер