ОКУУЧУЛАРДЫ МЕДИАСАБАТТУУ БОЛУУГА ҮНДӨГӨН СЫНАК
- 02.12.2021
- 0
26-Ноябрь «Бүткүл дүйнөлүк маалымат күнүнө» карата Ноокат райондук көркөм-сүрөт мектеп-интернатынын окуучуларынын арасында «Мен маалыматты кайдан алам»- деген темада блиц конкурсу болуп өттү. Конкурста окуучулар өзүнүн чыгармалыгы менен маалыматтарды кайдан алаарын сүрөт аркылуу көрсөтүштү.
«Бул конкурстун негизги максаты окуучуларды сүрөт искусствосу аркылуу Медиасабаттуу болууга үйрөтүү»- дейт уюштуруучу информатика мугалими Айиза Камилова.
Конкурстун жыйынтыгын мектеп мугалимдеринен түзүлгөн комиссия көзөмөлдөп мыкты сүрөт тарткан окуучуларды аныкташты жана грамота, кызыктыруучу белектер менен сыйлашты.
Бөлүшүү
Комментарийлер