ОКУУЧУЛАРДЫ КЕСИПКЕ БАГЫТТООЧУ САБАКТАР АРАЛЫКТАН ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

  • 21.05.2020
  • 0

«Иш менен камсыздоого жана эл аралык кызматташууга көмөк көрсөтүү» кыргыз-герман долбоорундагы пилоттук мектептердин мугалимдери кесипке багыттоону аралыктан уюуштурууда. Алар видеосабактарды даярдашты. Бул долбоор Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан ишке ашырылууда.

Коронавируска байланыштуу абалга карабай, пилоттук мектептерде кесипке багытоочу иштер уланууда: тогузунчу класстардын окуучулары болочоктогу адистигин таяндоого даяр болуш үчүн кесиптик багыттар боюнча билим алып жатышат.

Өлкө боюнча 8 шаардагы 24 пилоттук мектепте иштеген 17 мугалим кыргыз жана орус тилдеринде 16 видеосабак даярдады. Бул сабактар окуучуларга өзүнүн жеке жана жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, кесибин өз алдынчоо тандоого жардам берет.

Тогузунчу класстын бүтүрүүчүлөрү кесипке багыт берүүчү программалардын алкагында эмгек рыногунунун кеңири мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билип, ар кайсы кесиптин өкүлдөрү менен буга чейин өткөн чыныгы жолугушуулардан алган шык-жөндөмдөрүн бекемдешет. Жыйынтыгында эмгектин заманбап дүйнөсүн жана заманбап кесиптердин негизги компетенцияларын түшүнө алышат.

Германиянын эл аралык кызматташтык коому ишке ашырып жаткан   (GIZ) «Иш менен камсыздоого жана кесипке батыттоого көмөк көрсөтүү» кыргыз-герман долбоору Кыргызстандын 24 пилоттук мектебинде кесипке багыт берүүчү системаны түзүүгө жардам берүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер