ОКУУЧУЛАР ЖУСУПТУН МЕКЕН ЖЫТТУУ ЫРЛАРЫН ОКУШТУ
- 27.02.2020
- 0
Бишкек шаардык борборлоштурулган китепканада Жусуп Турусбековдун 110 жылдыгы белгиленди. Ага Ж.Турусбековдун неберелери, жакын туугандары, И.Арабаев атындагы КМУнун профессору Р.Сыдыкова, акын-журналист Т.Орокчиев, КМУнун профессору, акын А.Эгембердиева, белгилүү манасчы Т.Бакчиев ж.б. меймандар менен бирге, А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиянын окуучулары жана Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун студенттери катышты.
Кечени Ж.Турусбековдун небереси Асель Даниярова ачып, акындын үй-бүлөлүк архивинин негизинде Жусуп акындын өзүнүн, анын үй-бүлөсүнүн жана кесиптештеринин сүрөттөрүнөн түзүлгөн слайд-шоуну көрсөттү.
Андан соң келген меймандар №68 мектеп-гимназиянын кыргыз тили жана адабияты мугалими Айзада Нургазиеванын окуучулары Жусуптун чыгармаларынын негизинде койгон сценкаларга күбө болушуп, акындын “Ук жер, жүзү”, “Эне” ж.б. ырларын окуучулардын көркөм окуусунда угушту.
Адабий кеченин катышуучуларынын бири Перизат Байназарова ББЗМТИнин 1-курсунун студенти, ал апасынын жолун жолдоп мугалим болгусу келет.
— Бизге кечээ эле мугалимибиз Махабат Искакова Жусуп Турусбеков жөнүндө тема өтүп, көптөгөн маалыматтарды айтып берген. Биз баарыбыз кызыгуу менен уктук. Акын аз жашаган өмүрүндө улуттук позияга өзүнчө жаңы из салган новатор акын катары таанылган. Анын замандаштары, достору Алыкул Осмонов, Түгөлбай Сыдыковдор акын жөнүндө жылуу эскерүүлөрдү жазып калтырышкан,-дейт Перизат.
Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер