ОКУУЧУЛАР ЖАНА СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН “СОМ – КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖҮЗҮ ” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫ

  • 15.02.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата окуучулар жана студенттер арасында “Сом – Кыргызстандын жүзү” республикалык сынагы жана каржылык сабаттуулукту өнүктүрүү үчүн нумизматикалык көргөзмөлөр өтүп жатканын билдирет.

ОКУУЧУЛАР ЖАНА СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН “СОМ – КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖҮЗҮ ” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫ

7-11 жаштагы катышуучулар “эң мыкты сүрөт/ кол өнөрчүлүк”, 12-15 жаштагылар – “эң мыкты эссе”,  16-20 жаштагылар – “мыкты видеоролик / репортаж” номинациялары боюнча сынакка катыша алышат.

Сынак эмгектеринин темалары:

— “Сом – Кыргызстандын жүзү” / «Сом – лицо Кыргызстана».

— “Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр” / «Планируй свои деньги, позаботься о своем будущем».

— “Кыялдар канат байлаганда” / «Когда мечты становятся возможностью».

“Эң мыкты сүрөт/ кол өнөрчүлүк” номинациясы боюнча эмгектер 2023-жылдын 1-апрели саат 17:00го чейин, “эң мыкты эссе”, номинациясы боюнча эмгектер 2023-жылдын 1-октябры саат 17:00го чейин,  “мыкты видеоролик / репортаж” номинациясы боюнча эмгектер 2023-жылдын 1-ноябры саат 17:00го чейин кабыл алынат.

Балдар жана жаштар арасында республикалык конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо

Бөлүшүү

Комментарийлер