ОКУУЧУЛАР ТУУРА ТАМАКТАНУУНУ ҮЙРӨНҮШӨТ

  • 07.09.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАПТ) аралыктан окутуу учурунда балдарга туура тамактанууну уюштуруу боюнча “Мектептеги тамак-аш үйдө” маалымат кампаниясын баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

ОКУУЧУЛАР ТУУРА ТАМАКТАНУУНУ ҮЙРӨНҮШӨТМаалыматтык кампаниянын максаты — мектеп окуучулары, ата-энелер арасында туура тамактанууну жана сергек жашоо образын жайылтуу.

Баарыбызга маалым болгондой, биринчи чейректи 1-класстын окуучулары гана мектепке окуп, калгандары аралыктан билим алышууда. Буга байланыштуу БУУ ДАТП, Билим берүү жана илим министрлиги жана Өнөр жай тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте “Мектептеги тамак-аш үйдө” маалымат кампаниясын иштеп чыгышты.

Маалымат кампаниянын алкагында ата-энелер туура тамактануу боюнча кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды түрдүү форматта ала алышат. Алсак: инфографика, видеотасмалар, даамдуу жана пайдалуу рецепттер, ден соолукка пайдалуу жомоктор ж.б. Андан тышкары, ага Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тастыкталган рецепттер китебинен алынган жумалык меню да кирет. Мындай формат ата-энелердин жана окуучулардын маалыматты тез жана оңой кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Алдыдагы эки айда ар апта сайын Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын  социалдык тармактагы баракчаларында (Инстаграм, Фейсбук жана YouTube) балдардын туура тамактануусу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган материалдар жарыяланып турмакчы.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер