ОКУУЧУЛАР ТУМООНУ ООЗДУКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ МЕНЕН БӨЛҮШӨТ

  • 14.04.2020
  • 0

Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы С.Качикеев атындагы №1 Таш-Дөбө орто мектебинин башталгыч класстарынын окуучулары коронавирусту жайылтпоонун жол-жобосун көрсөткөн видео тасмаларды даярдап, башкалар менен бөлүшүп жатышат.

Аталган мектептеги 1-“в” класстын окуучулары өздөрүнүн класс жетекчиси Сапия Бикиеванын жетекчилиги менен даярдашкан “Коронавирусти биз биргеликте жеңебиз!” деген аталыштагы видео тасмада коронавирусту жуктурбаш үчүн тазалыктын кандай эрежелерин сактоо керектиги айкын айтылат.

1-”в” класстын окуучулары Жанузак Толкунбеков, Алишер Абдумуталов, Сумайа Абдумахидова, Кызсайкал Өмүралиева ж.б. өздөрү катышкан тасмада адамдар карантинде үйдө отурууга тийиш экендигин, бөлмөлөрдү тез-тез желдетип, сыртка чыкканда беткап тагыныш керектигин жана ошондой эле колду жуунун эрежелерин теңтуштарына көрсөтүшкөн.

ОКУУЧУЛАР ТУМООНУ ООЗДУКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ МЕНЕН БӨЛҮШӨТ

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Уулжан Жанузакова мындай видео тасмалар башка мектептерде да тарап, окуучулар видео кайрылуу аркылуу “Карантиндин талаптарын аткаруу – коронавирусту ооздуктоо” деген ураан менен иштеп жатышканын айтат.

— Райондогу Т.Тыныбеков атындагы, О.Ташкулов атындагы мектептердин мугалимдери жана окуучулары, “Аксы үмүтү” кыздар федерациясынын жамааты да видео кайрылуу аркылуу бул илдетти гигиена эрежелери сактоо менен жалпылап жеңебиз деген ишенимдерин билдиришет-дейт Уулжан Шакиевна.

Балдардын тили бал, тилеги ак деп коюшат эмеспи, ансыңарындай, аралыкта билим алып жатышкан бул балдардан биз да үлгү алып, сасыктумоодон сактануу эрежелерин бузбайлы дегибиз келет.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер