ОКУУЧУЛАР «ТУЛПАРДЫН» ЖАШЫЛ КАРТАСЫН САТЫП АЛЫШТЫ

  • 02.09.2020
  • 0

1-сентябрга карата окуучулар алты миңден ашуун жашыл «Тулпар» карталарын сатып алышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар тургундарынын, балдардын ыңгайлуулугу үчүн 1-сентябрдан тартып коомдук транспорт (автобустар, троллейбустар, кичи автобустар) кадимки режимде, эртеден кечке чейин үзгүлтүксүз, график боюнча иштеп баштады.

Карта 50 сом турат, окуучулар үчүн бир айга 175 сомду түзөт. Жашыл картанын бир жолу алып, мектепти окуп бүткөнчө колдонууга болот.

Окуучу «Тулпар» картасын сатып алуу үчүн алгач мектептин директоруна кайрылуусу керек. Жеке жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери дагы «Тулпар» компаниясына расмий арыз жана окуучулардын тизмеси менен кайрылуусу зарыл.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер