ОКУУЧУЛАР ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 20.02.2023
  • 0

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ф.Стрельникова атындагы жалпы билим берүү мектебинде мектептин окуучулары Ооган согушунун ардагери Сатар Коенбаев менен жолугушту.

Ардагер окуучуларга патриоттуулук, мекенди сүйүү, аскердик кызмат тууралуу кызыктуу аңгеме куруп берди. Жолугушуу тарбиялык сааттын алкагында өткөндүктөн, балдардын таалим-тарбиясы, улууну урматтоо, кичүүгө ызаат көрсөтүү, ата-энени сыйлоо, мекенге кызмат өтөө сыяктуу учурдагы жаштардын тарбиясында кездешип жаткан көйгөйлүү маселелер жөнүндө суроо-жооп иретинде баарлашуу болду.

Ооган согушунун ардагери Сатар Коенбаев жолугушуунун соңунда жалпы элге бейкутчулук, бакубатчылык каалоо менен, эркек балдарга кайрылып, эл-журт үчүн ак кызмат өтөгөн мекенчил жаштардан болуусун үндөп кетти.

 

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер