ОКУУЧУЛАР МЫКТЫ АГАЙЫН АНЫКТАШТЫ

  • 25.02.2020
  • 0

Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин кыздар жамааты “Окуучулардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон мыкты агай” деп мектептин музыка мугалими Жолдошбек Деркенбаевди аташты.

Бул тууралуу “Турмуш” басылмасына мектептин 7-11-класстардагы кыздар жамааты билдиришти.

Окуучу кыздар мындан ары жыл сайын ушундай наамды тапшырып турушмакчы. Кыздар бул наамды берүү аркылуу мугалим менен окуучулардын ортосундагы байланышты чыңдашып, ошондой эле окуучулардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон мугалимдердин даражасын башка мугалимдердин алдында көтөрүүнү көздөп жатышат.

“Окуучулардын сүймөнчүгүнө ээ болгон мыкты агай” наамына арзыган мектептин музыка мугалими Жолдошбек Деркенбаев Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы музыкалык окуу жайынан башка Нарын мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. Ал КР Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамоталары, “Билим берүүнүн мыктысы”, “Профсоюз уюмунун мыктысы” төш белгилери менен сыйланган.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер