ОКУУЧУЛАР ЧЫГЫШ ЖАҢЫ ЖЫЛЫН ТОCУШТУ

  • 15.02.2018
  • 0

Өткөн жумада кытай тилин кошумча тил катары өздөштүрүп келе жаткан №2 орто мектептин жана №69 окуу-тарбия комплекс гимназиясынын окуучулары Чыгыш Жаңы жылын тоcуу салтанатын өткөрүштү.

Иш-чара алгач 9-февралда №2 мектепте, андан кийин 10-февралда №69 мектепте өтүп, окуучулар кытай тилинде ар түрдүү оюн-зоокторду тартуулашып,  жомокторду сахналаштырышты. Эки мектепте тең кытай тилин окутуу он жылдан ашуун убактан бери жүргүзүлүп келет.  №2 мектепте 2011-жылы Конфуций классы ачылып, зарыл эмеректер, телевизор, проектор, окуу куралдары менен жабдылган. Сабакты жергиликтүү тажрыйбалуу мугалимдерден сырткары Кытайдан келген волонтерлор өтүшөт. Учурда 3-класстан баштап 11-класска чейин жалпы 300 окуучу кытай тилин өздөштүрүүдө.

№69 ОТМК болсо кытай тили 2004-жылы кошумча сабак катары киргизилип, 2009-жылы атайын заманбап жабдылган Конфуций класстар ачылган. Бул мектептин окуучулары 2-класстан баштап кытай тилин өздөштүрүшөт. Кытайдан келген волонтерлор жана жергиликтүү мугалимдер сабак беришет.

  • Азыркы жаштар үчүн көп тил билүү абдан зарыл. Ошондуктан биздин мектепке кытай тилин кошумча сабак катары киргизип, атайын ушул багытта класстарды ачып окутуп жатабыз. Анын үстүнө азыр кытай тили дүйнөлүк тилдердин катарында. Учурда биздин он бештен ашуун окуучубуз Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алып жатышат, — дейт №69 мектептин директору Атаева Сайрагүл.

Иш-чараларда 2-класстан баштап 11-класска чейинки окуучулардын кытай тилинде сүйлөп, ыр, жомокторду тартуулагандары алардын тилди үйрөнүүгө болгон кызыгуусу жогору экендигин тастыктап турду.

Бөлүшүү

Комментарийлер