ОКУУЧУЛАР ЧЫГЫМДАРДЫ ПЛАНДООНУ ҮЙРӨНҮҮДӨ

  • 14.12.2022
  • 0

Декабрь айында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн “Фин-чилистен” сынагы өткөрүлдү.

ОКУУЧУЛАР ЧЫГЫМДАРДЫ ПЛАНДООНУ ҮЙРӨНҮҮДӨ

Сынакка 1100 максаттуу мектептерден 6000ден ашуун балдар жана алардын ата-энелери катышты. Балдар киреше, чыгаша жана аманат сыяктуу түшүнүктөр менен таанышып, ата-энелери менен биргеликте үй-бүлөлүк бюджетти талдоо жана айлык чыгымдарды пландаштыруунун үстүндө иштөөнү үйрөнүштү.

“Окуу керемет!” долбоорунун сынагы башталгыч мектеп окуучуларынын функционалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүнүн алкагында алардын финансылык сабаттуулугун  жогорулатуу үчүн уюштурулган.

Кошумчалай кетсек, декабрь айынын башында “Окуу керемет!” долбоору 5000ден ашуун мектеп мугалимдери жана билим берүүнү башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн класстан тышкаркы иш-чараларды уюштуруу боюнча онлайн окутууну өткөргөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер