ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДАГЫ “ЖАШ МАНАСЧЫ” СЫНАГЫНЫН ОБЛУСТУК ЭТАБЫ ӨТТҮ

  • 12.04.2023

Ош гуманитардык-педагогикалык университетинин базасында мектеп окуучулары арасындагы “Жаш манасчы” кароо-сынагынын облустук баскычы өтүп, жеңүүчүлөргө I, II, III даражадагы дипломдор тапшырылды.

ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДАГЫ “ЖАШ МАНАСЧЫ” СЫНАГЫНЫН ОБЛУСТУК ЭТАБЫ ӨТТҮ

Кыргыз тилинде манас айткан окуучулар арасында:

I орун – Шайыркүл Ормонова (Чоң-Алай районунан);

II орун – Кулпунай Маматисаева (Чоң-Алай районунан);

III орун – Мирлан Абдалиев жана Оомат Алимбеков (Кара-Кулжа районунан).

Чет тилде манас айткан окуучулар арасында:

I орун – Сезимай Раимбаева (Кара-Кулжа районунан);

II орун – Адина Ниматова (Чоң-Алай районунан);

III орун – Хакимбек Рахимбердиев (Араван районунан).

Мындан сырткары “Жаш манасчы” сынагына жигердүү катышкан окуучуларга ыраазылык баракчалары тапшырылды.

Белгилей кетсек, сынакта алдыңкы орунду ээлеген окуучулар алдыда Бишкек шаарында өтүүчү финалдык беттешке катышат.

Бөлүшүү