Окуучулар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу чаралары талкууланды

  • 10.10.2025
  • 0

Агартуу министрлиги Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы менен биргеликте жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу маселесине арналган түшүндүрүү иштерин өткөрдү. Иш-чарага шаардагы жеке менчик билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.Окуучулар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу чаралары талкууланды

Жолугушууда окуучулардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу жана өспүрүмдөрдүн укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча маселелер козголду. Прокуратура өкүлдөрү учурдагы кырдаалга талдоо жүргүзүп, билим берүү мекемелеринде мыйзамдардын так сакталуусунун маанисине токтолушту.

Окуучулар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу чаралары талкууланды

Жыйынтыгында 2025–2026-окуу жылына карата алдын алуу иш-чараларын заманбап коркунучтарга жараша жаңылоо, ата-энелер менен кызматташууну күчөтүү, киберкоопсуздук, жоопкерчиликтүү жүрүм-турум боюнча маалыматтарды кеңири жайылтуу жана адистерди тартуу сунушталды.

Окуучулар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу чаралары талкууланды

Ошондой эле окуучулардын онлайн мейкиндиктеги жүрүм-турумуна көз салуу аркылуу кибербуллингди жана деструктивдүү топторго тартылуу фактыларын алдын алуу чаралары көрүлө турганы белгиленди.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер