ОКУУЧУ КЫЗ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА БИРИНЧИ ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ

  • 09.06.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самара Умралиева “Өз мекениң жөнүндө дүйнөгө айтып бер” эл аралык сынагынын видеороликтер номинациясында I орунду жеңип алган №62 мектеп-гимназиянын 11-классынын окуучу Татьяна Ивановага грамота, сертификат жана белектерди тапшырды.

 

Ошондой эле анын устаты, тарых мугалими Елизавета Шаповалова жана Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар жана өспүрүмдөр борборунун бөлүм башчысы Руслан Ахметшинге ыраазычылык каттарын тапшырды.

ОКУУЧУ КЫЗ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА БИРИНЧИ ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ

Сынак “Балдарды жана жаштарды өнүктүрүүнүн инновациялык борбору” автономдуу коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулган. Бул жылы сынакка Россия Федерациясынын 79 регионунан жана дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 1122 адам катышты.

ОКУУЧУ КЫЗ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА БИРИНЧИ ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ

Елизавета Шаповалова окуучусу Татьяна Иванова буга чейин “Адам укугу биздин көзүбүз менен” эл аралык сынагында №62 мектептин командасынын курамында экинчи орунду ээлегендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, эл аралык сынакка Кыргызстандан 20дан ашык окуучу катышкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер