ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ

  • 17.07.2019
  • 2

Билим берүү жана илим министрлиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору, «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы менен бирдикте Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында өткөргөн «Менин мекеним — Кыргызстан» XIII  Балдардын чыгармачылык фестивалына жана “Окуучу күткөн мугалим” II республикалык жайкы лагерине өлкөбүздүн бардык аймактарынан 40 чукул мугалим келип, билимдерин өркүндөтүп, окуучулар менен бирдикте бардык иш-чараларга активдүү катышып, ошол эле кезде жакшы маанайда эс алганга да үлгүрүштү.

ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ

“Окуучу күткөн мугалим” II республикалык жайкы лагеринин катышуучулары күнүгө таң эрте көлдүн жээгинде флешмобго катышып, аз болсо дагы ден соолуктарын чыңдап алышты.

Жайкы лагердин биринчи күнүндө мугалимдер фестивалдын салтанаттуу ачылышына күбө болушту. Экинчи күнү Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогика факультетинин деканы, п.и.к., профессор Рахат Сулайманованын “Мугалимдин кесиптик компетенттүүлүктөрү, баарлашуу маданиятын, сүйлөө чеберчилигин өстүрүү. Мугалимдик имидж, этикет. Убакытты туура пайдалануу” деген семинар-тренингине катышып, билгенден билбегендери көп экенин, сабак абдан кызыктуу болгонун мугалимдер белгилешти.

ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ

  • Биз сабак өтөөрдө билип турсак деле ошого маани бурбай буйтап кетет экенбиз. Бүгүнкү Р.Сулайманованын сабагында мугалимдин имиджи, этикети тууралуу жакшы маалыматтарды берди. Маселен, сырткы келбет, көрүнүш кандай болуусу керек? (Золушканын окуясы, «Адамдын көркү чүпүрөк, дарактын көркү жалбырак») деген мисалды келтирди. Мугалимдер классикалык стилди тандоосу керек экенине,  ошондой эле мугалим мырзалардын, айымдардын кийинүү маданиятына токтолду.  Анын ичинде мугалимдердин чач жасалгасы,  териге кам көрүүсү, макияж жасоосу, тырмакты күтө билүүсү, аксессуарларды тандоону,  парфюмерияны колдонууну үйрөнүшү керек экенин айтты. Бизге абдан жакты.  Мектепке мугалимдер романтикалык (кечки аземдик көйнөктөр, ачык декольте, 10-15 см. такалуу туфлилер, бархат кийимдер, булгаары кийимдер) жана спорттук (спорттук костюмдар, токулган джемперлер, водолазкалар, джинсы кийимдер, кроссовкилер ж.б.) стилде кийинүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертип кетти.  “Сиздин сырткы көрүнүшүңүз – сиздин визиттик карточкаңыз. Андыктан, сиз миллиондук болуп көрүнүшүӊүз керек!!!” — деди тренер айым. Биз анын айтып жаткан ар бир сөзүн дыкаттык менен угуп, өзүбүзгө жазып алдык, — дейт жумгалдык мугалим Айзада Ишеналиева.

ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ

Рахат Сулайманованын айтуусунда, мугалим – оратор жана актер болушу зарыл.

  • Мугалимде оратордук сапаттар калыптанган болушу керек. Маселен, сабак учурунда мугалимдин сырткы келбети, көрүнүшү; тулку боюн (осанка) түз алып жүрүүсү, басканы; буттун абалы; колдун абалы; визуалдык контакт; жестикуляция; мимика; дикция; үндүн бийиктиги; кептин ылдамдыгы; паузалардын (тынымдардын) техникасы; интонация жана юмор сөзсүз болушу керек. Мындан сырткары сабакта мен мугалимдерге мотивация берүү үчүн ийгиликсиз адамдын жана ийгиликтүү адамдын ой жүгүртүүсүнө токтолдум. «Жүрүш-туруштан – адат, адаттан – мүнөз, мүнөздөн – тагдыр жаралат» эмеспи. Жашоодо тоскоолдук кылган нерселерди тизмектеп айтып бердим. Ар бир адам сүйлөп жаткан сөзүнө, аракетине, ойлоруна маани берип турушу керек. “Бизге акча эмес, жетишкен жашоонун эмоциясы керек. Өзүӊүздү ханыша сезиӊиз. Келечектен, кыялдануудан коркпоӊуз. Ушул сапаттарды өзүӊүзгө адат кылып алыӊыз” деп мугалимдерге аффирмация катары жаздырдым. Эң башкысы окуучу мугалимден үч нерсени күтөт: Мугалим мени тааныйбы? Атымды билеби?; Мугалим мага ишенеби?; Мугалим мени жакшы көрөбү? деп. Мугалимдер ойлонушту, талкуулашты, бир сөз менен айтканда абдан кызыктуу сабак болду деп эсептейм, — дейт Рахат Сулайманова.
  • ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ

Иш-чаранын бешинчи күнүндө улуттук тренер Нургүл Шарапова “Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде иш алып баруу. Окутуунун жаңы формалары, санариптик билим берүү. Окутуунун активдүү усулдары” деген темада сабак өттү.

ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ

  • Салман Хандын айтуусу боюнча, азыркы билим берүү системасынынын кемчилиги катары окуп жаткан адамдын билиминде жетишпестиктер болуп калышы мүмкүн. Анткени мугалим темасын улантып кете берет, ал эми окуучу бир теманы түшүнбөй калышы мүмкүн. Келбей калган сабагын түшүнбөй сабакка болгон кызыгуусу кетет. Хандын методикасы боюнча окуучу теманы түшүнмөйүн кийинки темага киришпейт.

Хан Академиясы – бул салттуу дидактиканы кайра карап чыгыш керектигин көргөзөт. Ошондой эле жаңы билим берүү саясаты мобилдик түзмөктөрдү (телефондор) окуу үчүн пайдаланат. Окуучулар түзмөктөрдү (телефондорун) пайдаланышса чыгымдар азаят.

Мектептер коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөргө даяр болуп, өздөрү да коом менен бирге өзгөрүп туруулары керек. Окуу процесстери эволюцияга дуушар болот. Формалдык жана формалдык эмес окуу ортосундагы барьерлер жоголот, — деди тренер.

ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ

Ал эми алыскы Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу,  улуттук тренер, б.и.к., профессор Назгүл Ибраеванын “21-кылымдын компетенциялары. Блоктук окуу планын түзүү” деген темада өткөн сабагы да мугалимдерди кызыктырды. Окумуштуу айым пландаштыруунун артыкчылыктарын белгиледи.

  • Ал ириде максатты так түшүнүгө жардам берет; зарыл болгон компетенцияларды өнүктүрүүгө жана конкреттүү күтүлүүчү натыйжаларга жетүүгө көмөктөшөт; сапаттуу сабак өткөнгө багыт берет; окуучуларды материалдарды жакшы өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзөт; убакытты эффективдүү колдонууга шарт жаралат; окуу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат; окутуу жана окуунун сапатын жогорулат жана мугалимдердин өзүнө болгон ишенимин арттырат. Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы деген эмне? Окутуунун күтүүлүчү натыйжасы – бул окуучулар сабактын, тапшырманын, тематикалык бөлүмдүн же окуу курсунун аягында өздөштүргөн маңыздуу жана сапаттуу билимди сүрөттөгөн түшүндүрмөлөр. Мисалы, окуучулар берилген текстти тез жана туура окуй алышат. Окутуунун күтүлүүчү натыйжасы: конкреттүү, реалдуу, убакыт менен чектелген, өлчөөгө, жетишүүгө жана байкоого мүмкүн (SMARTO) болушу керек, — дейт Назгүл Ибраева.
  • ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ

Ошондой эле тренерлер: п.и.к., доцент Р.Исаева “Мугалимге илимий билимдер системасы тууралуу”, Улан Турдалиев менен Бакыт Асанов “Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө жана тилди жатыктырууда интерактивдүү оюндардын орду” деген кызыктуу сабак өтүштү. Баса, акыркы эки окутуучу “Окуучу күткөн мугалим” жайкы лагеринин бардык иш-чараларын алып барып, бири ырдаса, экинчиси “Манас” эпосунан күпүлдөп үзүндү айтып, бирин-бири коштоп турушту.  Ошондой эле Григорьев капчыгайында “Сармерден”  мугалим кыз-жигит  айтышын алып барууда Улан менен Бакыт мырзалар иш-чаранын көркүнө көрк кошушту. Ошентип, унутулгус алты күндүк жайкы лагерде мугалимдер билим капчыктарын гана толтурбастан, ден соолуктарын чыңдап, тажрыйба топтоп, достошуп кетишти. Ар бир катышуучу өзүнүн облусунун маданиятын, тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын ж.б.у.с. тааныштырганга да үлгүрүштү. Ошол эле кезде окуучулар үчүн да алар сахнага чыгып, ырдап, бийлеп, бардык дареметтерин көрсөтө алышты.

ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ

Мугалимдер эмне дейт?

Айзада Ишеналиева,  Молдокеев Асылбек атындагы инновациялык орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими, директордун уюштуруучу орун басарынын жардамчысы, Жумгал району:

ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ

— «Мугалим — коомдук күзгүсү» сынагына катышуучу болгом. «Окуучу күткөн мугалим» республикалык 2-жайкы мектебине чакыруу алгам. Жети дубандан келген мыкты мугалимдер менен жолугушуу абдан жакшы таасир берди. Рахат Сулайманова уюштурган иш-чара мугалимдердин аброюн көтөргөн, шыктандырган, позитивдүү нерселерди көрсөткөн үчүн колдоп жатабыз. Мугалимди ар тараптан көтөрүп жаткан уюштуруу тобуна терең ыраазычылык билдиребиз. Уюштуруу тобуна ынтымактуу жашоону, эч нерседен кемибес кең жашоону, түбү терең түбөлүктүү жашоону, таалайы тамган татыктуу жашоону каалап, иштерине ийгилик, «Мугалим» журналы алдыга өсүп-өнүгө берсин! Мугалимдердин компетенттүүлүгүн арттырууда окуучуга түшүнүк берүүдө биз аксоо жолунда жүргөндүктөн, КУУнун окутуучусу Рапия Исаева эжекебиз жакшы сабак өтүп берди. Мисалы, биз сабактын максатын туура эмес коюп алып, максатсыз иштеп келгендиктен ушул нерсени жакшы үйрөндүк, мындан ары иштеп кетебиз деген ишеничтемин.

Чынара Тыналиева,  Дооронбек Дүйшөбаев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Бакай-Ата району:

ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ

— 12 жылдан бери мугалим болуп эмгектенем. «Окуучу күткөп мугалим» 2-республикалык жайкы мектепте «Мугалим» журналынын башкы редактору Рахат Сулайманова мугалимдин жүрүм-турум этикасы, сабакты кантип өтүшүбүз керек боюнча кеңири маалымат берди. Көңүлдүү эс алууга көп убакыт бөлүнүптүр. Эң сонун эстен кеткис эс алуу болду. Мугалимге көрсө, беш күндүк эс алуу эле жетишет экен.

ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ

Аида Самаган кызы, Бишкек шаарындагы №64 мектеп-гимназиясынын башталгыч классынын мугалими:

— Иштегениме беш жылдын жүзү болду. Жаш болсом дагы тажрыйбалуу эжейлердин катарына келгениме сүйүнүп турам. «Мугалим» журналынын жалпы жамаатына терең ыраазычылык айтам. Анткени бир минутабызды текке кетирбей, жакшы эс алдырышты. Таң эрте флешмобдон баштап ар бир минутабыз саналуу болду. Тренерлер кызыктуу сабактар менен бизди сугарышты. “Сармерден” кыз-жигит оюнун Кырчын жайлоосуна алып барып, өткөрүштү. Ысык-Көлдүн кереметтүү жерлерине саякаттадык. Сабактарда ар бир предметтин принциптери кандай экени боюнча топко бөлүнүп иштедик. Мугалим жалаң гана сабак бербестен, сөз байлыгын өстүрүү керек деген маалыматтарды алдык. Мугалим менен окуучунун ортосундагы тыгыз байланышты жайкы лагерде көрө алдык. Фестивалга келген окуучулардын талантын көрүү менен биз дагы аларга өз талантыбызды тартууладык. Жети облустун мыкты таланттуу балдары келиптир.

ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ

Назгүл Ибраева, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин  педагогика факультетинин табигый илимдер кафедрасынын окутуучусу:

— «Мугалим» журналы уюштурган «Окуучу күткөн мугалим» 2-республикалык жайкы лагерде Кыргызстандын бардык регионунан мыкты деген мугалимдер келишиптир. Журналдын чоң иш-аракети жеке эле жаш мугалимдер үчүн эмес, улуу муундагы агай-эжейлерге таасир берчү иш-чара. Лагерге келген мугалимдер жаңы методикаларды үйрөнүп кетип жатышат. Экинчиден, окуучулар менен чогуу-чаран жүрүп, туш тараптан келген мугалимдер менен тажрыйба алмашып жатышат.  21-кылымдын компетенцияларын калыптандыруу боюнча тренинг өттүм. 21-компетенциялары деп аталганы менен, бирок анын ичинде мугалим сабакка киргенден баштап аягына чейин сабактын жүрүшүн, ага кандай жаңы методдорду колдонуш керек, ал жерде чоң басым коюш үчүн окуучулардын өзүнө жеке өз алдынча иштетүүгө үйрөтүүнү айттым. Мугалим болсо болгону багыт берип, балдар ошол мурунку алган билимин колдонуп, ушул үйрөнүп кеткен сабагында жеке турмушунда колдонуп  кете тургандай кылып сабакты өтө турчу методдорду үйрөттүм. Себеби бул методду дагы Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинде чоң семинар болуп өттү. Мен былтыркы декабрь айынан бери семинарларга катышып,  биз дагы  окуп үйрөндүк. Быйылтан баштап биз тренер катарында мугалимдерге семинар өтө баштадык.  Үйрөнүп келген жаңы билимдерибизди, жаңы усулдарды мугалимдерге үйрөтүп келатам.  Мугалимдер кызыгуу менен кабыл алышты.

ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ

 Нурлан Түменбаева, Молдокеев Асылбек орто мектебинин химия мугалими, Жумгал району:

ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ

— 34 жылдык стажым бар. Биринчи жолу лагерге катышып жатам. Өткөн жылкы мугалимдердин эс алганын көрүп, абдан кызыктым эле. Эң негизги максат — башка региондогу мугалимдер менен тажрыйба алмашып, аларда кандай иш тажрыйба бар. Дегеле педагогикадагы стандарттар боюнча пикир алмашып жатабыз. Бир күнүбүз, бир минутабыз дагы бош эмес. Психологиялык, моралдык  жактан эс алып жатабыз. Биринчи күнү мугалимдин имиджи тууралуу сабак алсак, андан соң мамлекеттик стандарттар боюнча түшүнүк  алдык. Эң негизгиси жаңы технологиялар боюнча тажрыйба алмаштык. Күнүгө бирден тренинг өтүп турушту. Эң жакканы КУУнун  окутуучусу Рапия Исаева мээбизди ачып туруп, маалыматтарды куюп бергендей болду. Абдан кызыктуу, мугалимдерге жеткиликтүү тил менен өтүп берди. Биздин мектеп республикадагы 100 инновациялык мектептин ичине киргенбиз. Андан соң 2016-жылдан баштап 30 мектептин катарындабыз. Мамлекеттик стандарттар боюнча 11-класстарда апробация жүрүп, жайкы жана кышкы семинарларда окудук. Былтыркы окуу жылынан баштап, мектептерди тандап алып, региондорду окутуп атабыз. Мен Нарын облусундагы мугалимдерди окутуу боюнча тренер болуп, каникул сайын мамлекеттик стандарттарды кантип ишке ашырыш керек боюнча өтүп турам. Предметтик, мазмундук компетенттүүлүк тилкелер жана баалоо критерийлери, анын техникалары боюнча бардык райондордо өттүк.  Кластер мектептерге барып өтөбүз. АБР жабдып берген. Эки жолу вебинар өттүк.

ОКУУЧУ КҮТКӨН МУГАЛИМ

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”,

Бишкек – Чолпон-Ата — Бишкек

Бөлүшүү

Комментарийлер

Аида / 14.08.2019 22:02
Мугалим журналынын жалпы жамаатына терен ыраазычылыгымды айтам.Ишиниздерге албан албан ийгиликтерди каалайм.
Аида / 14.08.2019 21:58
Мугалим журналынын жалпы жамаатына терен ыраазычылык айтам .Ишиниздерге албан албан ийгиликтерди каалайм, денсоолукта болунуздар !