ОКУУ МАТЕРИАЛДАРЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 12.03.2021
  • 0

Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын окутуучулары Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында квалификациясын жогорулата башташты.

ОКУУ МАТЕРИАЛДАРЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Лекциялык материалдарды жана практикалык тапшырмаларды санариптештирүү, Moodle билим берүү платформасы менен иштөө боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүү тренинги М.Т.Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжде болуп өттү.

Катышуучулар курстарды түзүү жана электрондук окуу материалдарын Moodle онлайн плафтормасына жүктөө, Google Дискте электрондук тесттерди иштеп чыгуу, окутуучунун үнүн жаздыруу менен презентация түзүү боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту.

Ошондой эле башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын окутуучуларына заманбап коомдо баарлашуунун маанилүү каражаты катары электрондук почта, анын мүмкүнчүлүктөрү, иштөөсү жөнүндө маалымат берилди, жаңы электрондук ящикти каттоого, электрондук почта аркылуу билдирүү жиберүүгө жана алууга үйрөнүштү.

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер