ОКУУ-ЛАБОРАТОРИЯЛЫК КОРПУС ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

  • 05.10.2023
  • 0

Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата ОшМУнун медицина факультетинин “Ак-Буура” кампусундагы заманбап окуу-лабораториялык корпусунун ачылуу аземи болду.

ОКУУ-ЛАБОРАТОРИЯЛЫК КОРПУС ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Ага Ош шаарынын мэри Бакытбек  Жетигенов баштаган вице-мэрлер, окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Салтанатта калаа башчысы Бакытбек Жетигенов окуу жайдын жалпы жамааттын жаңы окуу-лабораториянын ачылышы менен куттуктап, университеттин шаарды өнүктүрүүгө кошкон салымын баса белгиледи.

ОКУУ-ЛАБОРАТОРИЯЛЫК КОРПУС ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

  • Өлкөбүздөгү алдыңкы жогорку окуу жайлардын сап башында турган, маданият менен көркөм өнөрдүн, тарбия менен таалимдин чордону болгон ОшМУ шаарды көрктөндүрүүдө, жашылдандырууда, социалдык жактан өнүгүүсүндө салымы зор экендигин белгилегим келет. Университет бир гана билим бербестен, Ош шаарынын көйгөйлөрүн чечүүдө, экономикасын көтөрүүдө негизги күч болуп келе жатат. Учурда Ош мамлекеттик университетинде окуу-өндүрүштүк комплекстердин, медициналык клиникалардын иштеп жаткандыгы мисал боло алат — деди.

Жаңыдан пайдаланууга берилип жаткан “Ак-Буура” кампусундагы беш кабаттуу окуу-лабораториялык корпусунда окуу-лабораториялар, окуу кааналары, лекциялык залдар, бешинчи кабатында заманбап китепкана, окуу залдары орун алган. Имараттын аянты 2008 чарчы метр, курулуштун жалпы сметасы 84 млн сомду түзгөн.

ОКУУ-ЛАБОРАТОРИЯЛЫК КОРПУС ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Ошондой эле “Ак-Буура” кампусундагы каралбай турган аянт толугу менен реконструкциядан өттү. Атайын веложол үчүн асфальт басылып, жол тамандар төшөлүп, аянттын бир капталы толук жашылдандырылды.

Мындан сырткары, унаа токтотуучу орундуктар уюштурулду.

А.Т, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер