ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН АВТОРЛОРУ ЖОЛУГУШТУ
- 11.08.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик басма үйү» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги астында «Кыргыз адабияты» жана «Кыргыз жана дүйнө адабияты» предметтери боюнча окуу китептеринин авторлору менен маанилүү жолугушуу болуп өттү.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун негизги өзөгү бүгүнкү окуучуга билим гана эмес, ой жүгүртүүгө, талдоого, чыгармачылыкка, изилдөөгө жана өз алдынча чечим кабыл алууга багыт берген заманбап окуу китеби керек деген теманын тегерегинде талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө жаңы муундагы адабият китептеринин мазмуну, методикалык түзүлүшү, окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө шайкештиги, улуттук баалуулуктарды дүйнөлүк адабий мурас менен айкалыштыруу жана заманбап билим берүү талаптарына жооп берүү маселелери кеңири каралды.

«Окуу китеби» мамлекеттик басма үйү» мамлекеттик ишканасы авторлор менен биргеликте замандын талабына жооп берген, сапаттуу, мазмундуу жана окуучуга кызыктуу окуу китептерин жаратууну мындан ары улантат.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер