ОКУУ КИТЕПТЕРИНЕ ТАЛДОО ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

  • 05.04.2023
  • 0

2023-жылдын 3-4-апрелинде жалпы билим берүү уюмдарына билим берүү процессинде колдонуу үчүн сунушталуучу окуу китептеринин тизмегинин долбоорун даярдоо боюнча комиссия окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын окуу китептерине талдоо жүргүздү.

ОКУУ КИТЕПТЕРИНЕ ТАЛДОО ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Комиссиянын курамына министрликтин жана министрликке караштуу мекемелердин, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, Бишкек жана Ош шаарларынын, Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунун, Баткен облусунун Кадамжай, Лейлек райондорунун мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдери кирген.

Окуу китептерин кароодо комиссиянын алдына эки негизги милдет коюлган:

  • Бүгүнкү күндө окутуу кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде колдонулуп жаткан окуу китептерине анализ жүргүзүү;
  • Мектептерге билим берүү процессинде колдонуу үчүн сунуштала турган окуу китептеринин тизмесинин долбоорун түзүү.
“Жылдагыдан айырмаланып, быйыл жаңы окуу жылында мектептерге сунуштала турган окуу китептеринин тизмесин тажрыйбалуу, компетенттүү мугалимдердин сунуштарын жана тандоосун эске алуу менен түзөлү деп жатабыз. Окуу китептерин түздөн-түз предметтик мугалимдер менен чогуу талкуулап, тизмени түзүү практикасы буга чейин болгон эмес. Мындан кийинки кадамыбыз окуу китептеринин авторлору менен жолугушуп, комиссия мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде окуу китептерине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча иш жүргүзүү болмокчу», — деп билдирди министрликтин Китеп чыгарууну өнүктүрүү секторунун башчысы Самат Тоялиев.
С. Тоялиевдин айтымында, мектептерге билим берүү процессинде колдонуу үчүн сунушталуучу окуу китептери бүгүнкү күндөгү реалдуулукту эске алуу менен шарттуу түрдө төмөнкүдөй үч категорияга бөлүштүрүлдү:

1. Базалык (негизги) окуу китептери

2. Альтернативалык окуу китептери

3. Өткөөл мезгилдеги окуу китептери

Кошумчалай кетсек, окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептерде билим берүү процессинде колдонулган окуу китептерин талдоо Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин алдындагы Окуу китептерин даярдоо борборунда, ал эми окутуу тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептерде колдонулган окуу китептерин талдоо Баткен облусунун Кадамжай, Лейлек райондорунун мектептеринде жүргүзүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер