ОКУУ КИТЕПТЕРИН ИЖАРАГА БЕРҮҮ – ОКУУЧУЛАРДЫ КИТЕП МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУНУН АЛЬТЕРНАТИВДҮҮ ЖОЛУ

  • 23.08.2018
  • 0

Акыркы мезгил аралыгында кызуу талаш-тартышта келаткан китепти ижарага берүү маселесине чекит коюлду десек болот. жаңы окуу жылынан баштап 5-6-класстын окуучулары бир китеп үчүн 25 сом ижара акы төлөшөт. Атайын жүргүзүлгөн социологиялык иликтөөлөрдү жүргүзгөн адистер бул сумманы ата-энелердин басымдуу көпчүлүгү төлөй алат деп эсептешет.

ОКУУ КИТЕПТЕРИН ИЖАРАГА БЕРҮҮ – ОКУУЧУЛАРДЫ КИТЕП МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУНУН АЛЬТЕРНАТИВДҮҮ ЖОЛУ

Кечээ жакында болуп өткөн агартуучулардын Август кеңешмесинде да бул көңүл чордонундагы олуттуу маселелердин бири катары каралды. Анда чыгып сүйлөгөн Билим берүү жана илим министрлигинин алдында ачылган “Жаңы китеп” мекемесинин директору Асель Рыскелдиева мекеменин түзүлгөн максаты, алдыдагы милдеттери тууралуу кеңири айтып берди.

– “Жаңы китеп” мекемеси жалпы билим берүү мекемелериндеги окуу китептеринин жетишсиздик маселесин чечүү максатында түзүлүп отурат. Мунун алкагында китептерди ижарага берүү механизми баскычтар менен киргизилет. Азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү мекемелерин окуу китептери менен камсыздоо деңгээлин жогорулатуу боюнча пландуу жана системалуу иш-аракеттерди көрүүдө. Алсак, 2018-2019-окуу жылынын башталышына карата жаңы муундагы 32 окуу-методикалык комплекс басылып чыкмакчы. 5-6-класстын окуучулары үчүн арналган бул китептердин саны 3,3 млн. нусканы түзөт. Андан тышкары,7-9-класс үчүн жаңы муундун китептерин апробациялоо башталат, — дейт А.Рыскельдиева.

Анын айтымында, окуу китептеринин тартыштыгы 2010-жылы 58% болсо, бул көрсөткүч 2017-жылы 83,6% жогорулаган. Бул окуучуларды окуу китептери менен камсыздоо максатында көрүлгөн чаралардын натыйжасында болуп отурат.

Арийне, мындай оң натыйжаларга карабастан, окуу китептеринин таңсыздыгына байланыштуу маселе өтө курч бойдон калууда. Мектеп китепканаларындагы китептердин сырткы абалы эле эмес, ички мазмуну да эскирип бүткөндүктөн, ата-энелер көп учурда окуу китептерин базар баасында сатып алууга мажбур болушат. Ал китептер сапаттуу даярдалгандыгына эч ким кепил боло албайт. Андыктан окуучулардын ден соолугуна кошумча дагы олуттуу коркунуч туудурбай койбойт. Ата-энелер жаңы окуу жылында балдарына китеп алып берип жатканда, ошондой “көмүскөдө” шектүү сапатта даярдалган китептерди алуудан өтө этият болуулары керек.

Албетте, билим берүү мекемелерин тиешелүү китептер менен толук камсыздоого жетишүү үчүн каржылоо маселеси өз учурунда жана жетишерлик өлчөмдө болушу зарыл. Алсак, маалыматтарга ылайык, окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердеги билим берүүнүн жаңы стандарты боюнча окуу китептеринин таңсыздыгы бүгүнкү күндө 11 млн. нусканы түзөт. Ошого жараша окуу китептерин басып чыгарууга жылына 600 млн. сом талап кылынгандыктан, учурдагы бюджет каражаттарын беш эсе жогорулатууга туура келет.

Мына ушул жагынан алып караганда, окуу китептерине ижара акысын кийирүү — окуучуларды китеп менен камсыздоонун бирден-бир альтернативдүү жолу десек болчудай.

– Азырынча ушундай кырдаал болуп жаткандан кийин, окуу китептеринин тартыштыгына байланыштуу жаралып жаткан көйгөйдү четтетүү максатында окуу китептерин этап-этабы менен ижарага берүү механизмин иштетүү керек. Бул механизм ата-энелердин үй-бүлөлүк бюджетине да анча оорчулук тийгизбейт. Алсак, сегиз окуу китеби үчүн ижара акысы бир жылга 200 сомду түзөт, бул окуу китептерин сатып алууга салыштырмалуу 10 эсе арзан — деген оюн билдирди Асель Жекшенбаевна.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын №671 токтомунун негизинде, 2016-2018-окуу жылдарында Чүй облусунун Жайыл районундагы пилоттук мектептерде окуу китептерин ижарага берүү механизми апробацияланган. Бул схеманы турмушка ийгиликтүү ашырса болорун тажрыйба көрсөтүп отурат. Аны интернет айдыңындагы ар түрдүү форумдарда жүргөн кызуу талкуулардан улам баамдаса болот. Ата-энелердин жана коомчулуктун пикири боюнча, учурдагы кырдаалда окуу китептеринин таңсыздыгын четтетүүнүн бирден бир жолу болууда.

ОКУУ КИТЕПТЕРИН ИЖАРАГА БЕРҮҮ – ОКУУЧУЛАРДЫ КИТЕП МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУНУН АЛЬТЕРНАТИВДҮҮ ЖОЛУ

Маалымат үчүн:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 5-11-класстардын окуучулары үчүн окуу китептерин ижарага берүү системасын этап-этабы менен киргизүү жана Билим берүү жана илим министрлигинде “Жаңы китеп” мекемесин түзүү жөнүндө чечим кабыл алган.
  • “Жаңы китеп” мекемеси – бул мамлекеттик коммерциялык эмес уюм. Анын негизги максаты – окуу китептерин ижарага берүүдөн түшкөн акча каражаттарын топтоо жана чогулган каражатка Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү мекемелери үчүн окуу китептерин, окуу пособиелерин басып чыгаруу.
  • Окуу китептерине киргизилип жаткан ижара акысы жаңы предметтик билим берүү стандарттары боюнча даярдалып, басылып чыгарылган жаңы китептер үчүн гана алынат. Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен графикке ылайык, ижара киргизүү системасы жаңы окуу жылынан баштап 5-6-класстардын окуучулары үчүн гана болмокчу. Андан ары окуу китептеринин жаңы стандарттар боюнча даярдалышына жараша 7-9, 10-11-класстардын китептерине киргизиле баштайт.
  • Бир окуу китеби үчүн ала турган ижара акысы – 25 сом. Бул окуу китебинин орточо баасы жана кызмат өтөө мөөнөтүнөн эсептелип алынган сумма. Атайын жүргүзүлгөн социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, көпчүлүк ата-энелерге кыйынчылык жаратпай тургандыгы анык болгон.

Калктын аярлуу катмарындагы үй-бүлөлөрүнө акысыз жана жеңилдетилген түрдө берүү жагы да каралган.

  • Окуу китептерин акысыз алууга укуктуу окуучуларга төмөнкүлөр кирет: беш жана андан жогору балалуу үй-бүлөдөгүлөр; социалдык пособие алган, аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдар; ата-энесинин бирөө I же II топтогу майып болсо; окуучу жалгыз бой эне же атасы менен болсо; аскердик же кызматтык милдетин коргоо учурунда курман болгон же майып болгон аскер кызматкеринин балдары; ата-энесинен ажырап, кароосуз калгандар; ден соолугунан чектелген окуучулар.
  • Ал эми үй-бүлөдөгү 3-4 баласы жалпы билим берүү мекемелеринде окуган балдардын ата-энеси ижара акысынын 50% гана төлөшөт.
  • Ата-энелер же демөөрчүлөр окуу жылы башталганда, 30-ноябрга чейин “Жаңы китеп” мекемесинин банктагы расчеттук эсебине которушу керек.

Эгерде окуу жылы ичинде окуу китебине ижара акысын төлөгөн бала кандайдыр бир себептер менен башка мектепке которулуп кетсе, ал китептерди ошол эле мектептин китепканасына өткөрүп берет. Мектеп администрациясы ал баланын акы төлөгөндүгү тууралуу берген справкасынын негизинде, барган мектебинен китептерди акысыз ала берсе болот.

Ал эми окуу жылы ичинде кайсы бир окуучу башка өлкөгө кете турган болсо, ал да ошондой эле тартипте окуу китептерин мектептин китепкана фондуна кайра өткөрөт, бирок ижара акысы кайтарылбайт.

Андан тышкары, өзгөчө белгилей кете турчу жагдай, ижарага алынган китептердин көлөмү толук кайтарылышына жана андан ары колдонууга ылайыктуу болушуна ата-энелер да, окуучулар да кам көрүүлөрү керек.

ОКУУ КИТЕПТЕРИН ИЖАРАГА БЕРҮҮ – ОКУУЧУЛАРДЫ КИТЕП МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУНУН АЛЬТЕРНАТИВДҮҮ ЖОЛУ

Жайыл районунун тажрыйбасы

  • 2016/2017-окуу жылында пилоттук апробациялоо жана 2017/2018-жылында окуу китептерин ижарага берүүнү улуттук ишке киргизүүнүн I этабын ишке ашыруу Жайыл районунун 39 мектебинде жүргүзүлдү.
  • Бир окуу китебин ижарага берүүнүн акысы 20 сом өлчөмүндө бекитилген.
  • Ижарага 1-4 класстардын окуучуларына берилген окуу китептери:

— 14 аталыштагы орус тилинде окутулуучу китептер;

— 14 аталыштагы кыргыз тилинде окутулуучу китептер.

  • Ижарага жалаң гана жаңы билим берүү стандарттарына ылайык басып чыгарылган окуу китептери берилген.

 Маалымат кампаниясы

КР ББжИМ маалымат кампаниясын өткөрөт:

Республикалык жана регионалдык сыналгы жана үналгы каналдарында сюжеттер, роликтер берилет;

ББжИМдин сайтында окуу китептерин ижарага берүү тууралүү маалымат жайгаштырылган (НУА, көп суралуучу суроолор жана башкалар);

Рай(шаар) ББ, мектептин кызматкерлери да эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү керек (айылдык жыйындарда, ата-энелердин чогулуштарында жана башка жерлерде);

Суроолор пайда болсо «Жаны китепке» же МЧММТБББ кураторлоруна кайрылсаңыздар болот.

 ОБМСда иштөө

  • Банк «Жаңы китепке» дайыма учуру менен окуу китептерин ижарага берүүнүн акыларынын төлөмдөрү тууралуу электрондук түрдө отчет берип турат. Отчетто төлөмдөрдүн датасы, мектеп жана классты аныктаган коду, төлөмдүн өлчөмү, төлөмдүн багыты көрсөтүлөт.
  • Банктын төдөмдөр тууралуу отчетунун негизинде ОБМСда төлөмдөрдү көзөмөлдөө үчүн ар бир мектептин классынын төлөмдөрү жөнүндө отчету даярдалат.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер