ОКУУ КИТЕПТЕРИ: КЕЧЭЭ, БҮГҮН ЖАНА ЭРТЕҢ

  • 21.12.2022
  • 0

Окуу китептерин басып чыгаруу үчүн мамлекет каражат аябайт. Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн кереге кеңеште билдирди.

“Окуу китептери: кечээ, бүгүн жана эртең” деп аталган жолугушууга министрликтен тышкары, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын, басмаканалардын өкүлдөрү, полиграфия адистери, окуу китептеринин авторлору, эксперттер катышып, окуу китептеринин бүгүнкү абалын талкуулашты.

ОКУУ КИТЕПТЕРИ: КЕЧЭЭ, БҮГҮН ЖАНА ЭРТЕҢ

Билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакунов китеп маселеси учурда өтө орчундуу орунда тургандыгын, бардык мектептерди камсыздоо үчүн бир миллиардга чукул акча каражаты керектелерин белгиледи.

— Ар бир окуу китеби атайын апробациядан, бир катар экспертизадан өткөндүгүнө карабай, айрым мүчүлүштүктөр кетип калат. Ошондон улам алардын мазмунуна карата коомчулукта көптөгөн сындар айтылып келет. Техникалык каталар да орун алып жатат. Бирок китептер оңдолуп, жаңыртылып, кайра мектептерге жеткирилет. Эсиңиздерде болсо, китеп басуу боюнча 2020-жылы Жобо иштелип чыккан, ал быйыл кайра жаңыртылды, балким мындан кийин да өзгөртүүлөр киргизилер. Жетпеген китептерди басып чыгарууга мындан бир канча жыл мурда эле 600 млн сом керектелери айтылып келген, бүгүнкү шартта бул сумма миллиард сомго жетти болуш керек деп ойлойм, — деди министр жолугушууга келгендерге кырдаалды кыскача тааныштырып жатып.

Бүгүнкү жолугушууга карата атайын уюштурулган окуу китептеринин көргөзмөсү менен таанышкан Эдил Байсалов, окуу китептери жаңыртылууга муктаж экендигин, китептин орду, мааниси эч качан жоголбой тургандыгын баса белгилеп, мамлекет канча көлөмдө болсо да китеп басып чыгарууга даяр экендигин билдирди.

— Менимче, велосипед ойлоп табуунун зарылдыгы жок. Мисалы, математика, физика, химия сыяктуу так предметтерди басып чыгарууда өнүккөн өлкөлөрдүн даяр модулдарын алып басып чыгаралы. Анан дагы окуу китептери инвентаризациялоого муктаж экендиги көрүнүп турат. Китептерди басып чыгаруудан үнөмдөбөшүбүз керек. Чогулганга жараша кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү чечимдерди кабыл алып, мындан ары кандай иштерди жүргүзүү керектигин аныктап алалы, — деди Э.Байсалов.

Кереге кеңештин катышуучулары азыркы пайдалануудагы окуу китептерин басып чыгаруу менен бирге эле, алды 1960-жылы иштелип чыккан китептердин мазмунун жаңыртуу зарылдыгын айтты.

ОКУУ КИТЕПТЕРИ: КЕЧЭЭ, БҮГҮН ЖАНА ЭРТЕҢ

Суроолорго жооп берген билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, азыркы кырдаалга жараша биринчи кезекте мүмкүн болушунча кыска мөөнөт аралыгында зарыл болуп жаткан китептерди басып чыгаруу керектигин, аны менен бирге эле китептердин мазмунун жакшыртуу иштери да жүргүзүлө тургандыгын билдирди.

— Мамлекеттик жаңы стандарттын алкагында бүт стандарттарды жаңыртып чыгышыбыз керек. Азыр башталгыч класстын стандарты жаңыртылды. 7-8-9-класстар үчүн физика, химия, биология китептери көп убакыттан бери басылып чыкпагандыктан, абалы аябай начар. Андыктан убактылуу Жобо киргизип, “Учкун” басмаканасынан биринчи кезектеги китептерди чыгара баштайбыз. Ошол эле учурда 1-4-класстар үчүн китептерди экспертизага жөнөтүү сыяктуу этап-этабы менен аткарылчу иштерди жүргүзөбүз. Ошондо биз башталгыч класстарга тиешелүү маселени беш жыл унутуп, ортоңку жана жогорку класстын китептерин чыгаруу иштери менен алектенебиз. Эң негизгиси убакыттан уттурбай, тез арада ишке ашырышыбыз керек. Китептерди басып чыгарууда академиялык коомчулуктун, ата-энелердин экспертизасынан  өткөрүү талабы да бар. Китептердин ички мазмуну менен бирге эле сырткы жасалгасы, тамгалары, пайдалануу мөөнөтү ж.б. эске алуу зарыл, — деди Т.Ашымбаева.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер