ОКУУ КИТЕПТЕРИ ҮЧҮН 152 МИЛЛИОН СОМ БӨЛҮНГӨН

  • 12.01.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов катышкан түз эфирдин алкагында окуу китеби тууралуу суроого китеп чыгарууну өнүктүрүү секторунун башчысы Самат Тоялиев жооп берди.

ОКУУ КИТЕПТЕРИ ҮЧҮН 152 МИЛЛИОН СОМ БӨЛҮНГӨН

  • 2022-жылы республикалык бюджеттен окуу китептерин сатып алуу үчүн 152 миллион сом бөлүнгөн. Бирок, мамлекеттик сатып алуу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, жылдын аягына чейин токтом кабыл алынбай, бюджеттен бөлүнгөн каражаттар өздөштүрүлбөй калган. Президенттин жарлыгына менен  2022-2023-окуу жылынан баштап 9-класстар үчүн “диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы киргизилип, мугалим жана окуучулар үчүн 123380 нускада, төрт тилде окуу китеби жана усулдук колдонмо китептери чыгарылып, бардык мектептерге таратылып берилди.

Мындан сырткары, окуу китебин басып чыгарган басмаканалар менен тыгыз иштешип, мектептерге жетишпеген китептер  этап-этабы менен толукталып жаткандыгын баса белгиледи.

Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер