ОКУУ КИТЕБИНЕ КЕЛЕРКИ ЖЫЛГА  ОН ЭСЕГЕ КӨП КАРАЖАТ БӨЛҮНГӨН

  • 14.10.2024
  • 0

Бул туурасында ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

-Буга чейин былтыркы, быйылкы жылы окуу китептерин басып чыгарууга 152 млн сом бөлүнүп келген. Келерки 2025-жылга 744 млн сом каралды. Бул деген жыл сайын бөлүнүп келген каражаттан 592 млн сомго көп дегендик. Мындан тышкары Eвразия уюмунан Президенттин көзөмөлү менен бюджеттен тышкары бир миллиард сом акча каражаты сарпталат. Өкмөткө, Каржы министрлигине ыраазы болушубуз керек, салыштырып караганда  жылдагыдан он эсеге көп каражат бөлүнүп жатат, -деди министр.

Маалымат үчүн айта кетсек, Кыргызстандын мектептеринде окуу китебинин тартыштыгын үч жылда толук чечүү боюнча министрликте аракеттер тынымсыз көрүлүүдө.  Мектеп окуучуларын баарын окуу китеп менен жүз пайыз камсыз кылуу үчүн алты миллиард сомдон кем болбой турганын Билим берүү жана илим министрлиги эсептеп чыккан болчу.

Акыркы эки жылда жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджеттен каралган 304 миллион сом толук өздөштүрүлгөн. Бул каражатка жалпысынан 1 167 935 нускада окуу-методикалык комплекстер, 2 238 000 сомго көзү азиз балдар үчүн 270 комплект окуу китеби Брайл ариби менен даярдалып, басылып чыккан. Мындан сырткары, “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында 2023-жылы 1 790 030 нускада ар түрдүү жанрдагы дидактикалык китептер кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде даярдалып, 1 681 мектепке бөлүштүрүлүп берилген.

Ошентип, “Окуу китеби” автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизилген маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунда 11 816 255 окуу китеби бар. Бул жалпы керектөөнүн 68,5 % түзөт.

Жалпы билим берүү уюмдарында айрыкча жаңы окуу китептери жетишсиз. Мында жараксыз абалга келген окуу китептеринин колдонуудан алынышы, көпчүлүк окуу китептеринин мазмунунун эскириши, окуучулардын санынын жылдан-жылга өсүп жатышы чоң роль ойноодо.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев мектептерди окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 миллион 236 миң 466 нускада окуу китеби керектигин белгилеген. Анын айтымында Кыргыз класстар үчүн – 9 миллион 625 миң 380 нуска, орус класстар үчүн – 6 миллион 716 миң 400, өзбек класстар үчүн – 852 миң 748, тажик класстар үчүн – 41 миң 938 окуу китептери зарыл. Бул окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде 129 аталыштагы окуу китеби, окутуу өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде 147 аталыштагы окуу китеби керектелет.

Ошондой эле Сингапурдун Marshall Cavendish басмасынан математика (алгебра, геометрия), илим (табият таануу, физика, химия, биология), англис тили предметтери боюнча иштелип чыккан окуу-методикалык комплекстерге лицензия алынып, учурда бул китептер англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которулууда. Бул китептер эки жылдын ичинде даярдалып, жетиштүү нускада басылат. Ошону менен катар алардын электрондук версиялары да даярдалат.

Ал эми жалпы билим берүү уюмдарында окутулган филология, социалдык жана искусство, технология багыттарындагы окуу предметтери боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстер жергиликтүү авторлор тарабынан иштелип жатат.

Мындан тышкары министрлик сентябрь айында мугалимдерге 24 миң ноутбук берүү менен дагы китептердин жетишсиздигин чечээрин маалымдаган.  Мугалимдерге бериле турчу ноутбукка электрондук китептер киргизилген. Ноутбук математика, физика, химия, биология, информатика, башкача айтканда, табигый илимдер боюнча сабак берген мугалимдерге берилет.

Аталган министрликтин жалпы Республика боюнча 90 миңге жакын мугалимди алдыдагы жылдары ноутбук менен камсыздоо планы бар. Мындан сырткары, окуучуларды дагы электрондук китептер менен жабдуу үчүн ноутбук берүү маселеси каралып жатат.

Ошондой эле учурда “Электрондук мектеп” платформасы түзүлүп, улуттук контентке ылайыкталган китептер жүктөлүп, толук кандуу колдонууга берилген.

Ата-энелер китептердин электрондук вариантын ушул платформадан тапса болот. Аны окуучулар дагы, мугалимдер дагы колдоно алат. Электрондук китептер жөн эле PDF-форматында эмес, ал мультимедиалык материалдарды камтыйт. Башкача айтканда, презентациялар аудио, видеосу менен сунушталган. Аларды «Электрондук китепкана», «Билим булагы» жана «Айбилим» порталдарынан тапса болот.

М.Кайыпов,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер