“ОКУУ КЕРЕМЕТТИН” СЫНАГЫНА КАТЫШУУГА ҮЛГҮРГҮЛӨ!

  • 20.10.2021
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлиги USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору менен биргеликте жарыялаган, балдарга арналган аңгемелердин республикалык сынагы аяктаарына аз гана убакыт калды.

Эскерте кетсек, 1-4-класстардын окуучуларына арналган заманбап аңгемелердин республикалык сынагына баардык жазуучулар жана жаңыдан жаза баштаган авторлор (18 жаштан өйдө)  катыша алат.

Сынак китеп окууну кеңири жайылтуу жана кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде балдар китептеринин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатын камтыйт.

Сынактын шарттары жана тартиби менен төмөнкү шилтемеден таанышсаңыз болот: ttps://employment.kg/vacancies/21705

Сыйлык катары жеңүүчүлөрдүн аңгемелери басма же электрондук китеп түрүндө жарыкка чыгат, атайын КР ББИМнин жана Долбоордун сертификаттары менен сыйланып, долбоор тарабынан авторлордун потенциялын өрчүтүүгө багытталган семинарларга катышууга чакырылат, ошондой эле долбоор менен кызматташууга чакырылат.

Сынакка катышууну каалагандар 2021-жылдын 23-октябрына чейин төмөнкү документтерди [email protected] электрондук почтага жиберүү зарыл:

  1. Өздүк маалымат: Аты-жөнү, телефон номуру, электрондук почтасы, жашаган жери, кызмат орду, иштеген жери, 2. Тексттин өзү 1000 сөздөн ашык болбошу керек.

Кошумча маалыматты сурап билүү телефону: 0777 777 654.

Чамдаңыздар!

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер