“ОКУУ КЕРЕМЕТ” ДОЛБООРУ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

  • 04.10.2021
  • 0

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана  USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору

Кенже мектеп жашындагы балдар үчүн аңгемелердин республикалык сынагын жарыялайт!

Кенже мектеп жашындагы балдарга (1-4-класстар) арналган заманбап аңгемелердин республикалык сынагына катышууну каалаган жазуучулардын жана жаңыдан жаза баштаган авторлордун (18 жаштан өйдө) арасында,  Кыргыз Республикасынын Билим берүү уюмдарында китеп окууну кеңири жайылтуу жана кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жарык көргөн балдар китептерине жеткиликти кеңейтүү максатында өткөрүлөт.

Сынак төрт окутуу тилдериндеги заманбап балдар адабиятына жеткиликти кеңейтүү жана жергиликтүү авторлордун потенциалын өстүрүүнү максаттайт.

 

  1. Сынактын катышуучулары:

Жазуучулар жана жаңыдан жазып баштаган авторлор (18 жаштан өйдө)

  1. Сынакты өткөрүү мөөнөтү

2021 жылдын 23-сентябрынан 23-октябрга чейин

 

  1. Сынакты өткөрүүнүн шарттары жана тартиби
  • Берилген форматта түзүлгөн өтүнмөнү (заявканы) жаны сынакты [email protected]

электрондук адреси боюнча тапшыруу керек

  • Сынактын катышуучулары китептер Creative Commons ачык лицензиясы боюнча басылып чыгышына берилген формада макулдугун тастыкташат.
  • Сынакка түшкөн иштелмелерди КР ББИМнин өкүлдөрү, USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун эксперттери, жазуучулар жана педагогдор кирген жюри аңгемелерди тандоо критерийлеринин негизинде тандайт.
  • Тандалган аңгемелер толуктап иштеп чыгуу үчүн авторлорго берилиши мүмкүн.
  • Сынактан өтпөй калган авторлорго сынактын жыйынтыктары тууралуу билдирме жиберилбейт. Сынакка түшкөн аңгемелер рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт.
  • Сынактын жыйынтыктары жана тандалган балдар аңгемелеринин жана авторлордун тизмеси КР ББИМдин сайтында жарыяланат.
  1. Аңгемелерди тандоо критерийлери
  • Тексттин узундугу: 250 сөздөн баштап — 1000 сөздөн ашык эмес;
  • Аңгемелердин темасы жана сюжети: башталгыч класстардын окуучуларына кызыктуу болгон көйгөйлөрдү жана социалдык-эмоционалдык кырдаалдарды чагылдырат; курагы окурмандардын курагына туура келген каармандарды камтыйт; диалогдорду жана динамикалуу сюжеттик камтыйт.
  • Кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринин биринде жазылган.
  • Тексттин мазмуну балага түшүнүктүү жана грамматикалык жактан туура жазылган.
  • Уникалдуулугу: 100% оригиналдуу, сынакка катышканга чейин жарыкка чыкпаган текст.
  • Көп түрдүүлүк, инклюзия жана гендердик теңчилик баалуулуктарын колдогон жалпы адамдык жана улуттук баалуулуктарды чагылдырган.

Сыйлыктар:

  1. Сынактын жюриси критерийлердин негизинде тандаган балдар аңгемелери USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында авторлор тарабынан толукталып иштелип чыгат да, авторлукту сактоо менен Creative Common лицензиясы менен электрондук жана/же басма түрүндө жарыкка чыгат.
  2. Тандалган аңгемелердин авторлору 2022 жылы USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында авторлордун потенциалын өрчүтүүгө багытталган семинарларга катышууга чакырылат.
  3. Тандалган аңгемелердин авторлору КР ББИМнин жана Долбоордун сертификаттары менен сыйланат.

Конкурска төмөнкү маалыматтан турган документти okuukeremetkitep@gmail.com  электрондук почтага жиберүү зарыл:

 

  1. Өздүк маалымат
  2. Аты жөнү
  3. Телефон номери
  4. Электрондук дареги
  5. Үй дареги
  6. Кызмат орду, иштеген жери

 

  1. Тексттин өзү

Текст (1000 сөздөн ашык эмес):

Сөздөрдүн саны:

 

  1. Сынактын шарттарына макулдук берүү

Мен, _______________________________________ өзүмдүн тексттеримди Creative Commons (ачык лицензия) алкагында берүүгө жана өзүмдүн тексттеримди долбоордун критерийлерине ылайык өзгөртүүгө макулдугумду берем.

 

Дата жана колу

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер