«Окуу керемет» ар бир баланын жаркын келечеги

  • 01.07.2024
  • 0

Учурда Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө көчүүнүн стратегиялык пландары Бишкекте республикалык форумда талкууланууда. 

Форумда USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кайя Адамс «Окуу үчүн бекем пайдубалды түзүү менен, биз ар бир баланын жаркын келечегин камсыздай алабыз жана бирге күчтүү мамлекет курууга салымыбызды кошобуз», — деди.

"Окуу керемет" ар бир баланын жаркын келечеги

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) долбоору беш жылдагы жетишкендиктери менен тааныштырды. Ошондой эле АКШнын Айыл чарба департаментинин (USDA) МакГоверн-Доул «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасы да өзүнүн жетишкендиктери, анын ичинде 3000ден ашык мугалим жана 400 китепканачы үчүн дифференциацияланган окуу боюнча модулдарды дистанттык окутуунун натыйжалары менен бөлүштү."Окуу керемет" ар бир баланын жаркын келечеги

2019-жылы ишмердүүлүгүн баштагандан бери «Окуу керемет!» долбоору 17 000ден ашык мугалимдердин жана 3500 билим берүүдөгү кызматкерлердин технологияны колдонуу менен башталгыч класстарда адабий окуу жана математика сабактарын окутуунун натыйжалуу көндүмдөрүн жакшыртууга көмөктөштү.

"Окуу керемет" ар бир баланын жаркын келечеги

Долбоордун алкагында жергиликтүү жазуучулар жана сүрөтчүлөр төрт тилде 1 579 жаңы аталыштагы балдар китептерин жаратышты. Бул китептердин электрондук версиялары, анын ичинде жаңдоо тилинде берилген 40 китеп жергиликтүү жана эл аралык санариптик китепканаларда балдарга жеткиликтүү.

"Окуу керемет" ар бир баланын жаркын келечеги

«Окуу керемет!» өлкө боюнча 1679 мектепке жана 83 коомдук китепканага 2 миллион нускадан ашык басма китептерди таркатты.

Бөлүшүү

Комментарийлер