ОКУТУУНУН ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АЧКЫЧЫ

  • 27.10.2023
  • 0

ОКУТУУНУН ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АЧКЫЧЫ

Мирлан СУЕРКУЛОВ, Чүй облусунун Москва районундагы №4 Ак-Суу жалпы билим берүү орто мектебинин директору:  «ОКУТУУНУН ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АЧКЫЧЫ»

«Мыкты мектеп – 2022» сынагынын республикалык финалдык туруна катышкан Чүй облусунун Москва районундагы №4 Ак-Суу жалпы билим берүү орто мектеби окутуунун инновациялык технологияларын колдонуп, билим сапатын көтөрүүдө ийгиликтүү жетишкендиктерди жаратууда. Анда бирдей формада кийинишкен 68 мугалим, 14 билим берүүнүн мыктылары окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн билим ордосунда 2080 окуучуга татыктуу тарбия, бекем билим берүү менен райондогу эң алдыңкы мектептин туусун бийик көтөрүп келишет.

Беш жылдык директорлук кызматта ар түрдүү долбоорлор менен иштеп, 20 миллион сомго мектептин материалдык- техникалык базасын чыңдаган, » Жылдын мыкты мүдүрү», » Жылдын мыкты жетекчиси» наамындагы сыйлыктардын ээси, менеджер — директор Мирлан Суеркулов менен болгон маектешүүдө ал төмөндөгүлөргө токтолду:  -1972- жылы курулган, тактап айтканда жарым кылымдык тарыхы бар үч кабаттуу мектебибиз акыркы жылдарда сапаттуу билим берүүнүн бийиктиктерин багынтууда. Өзгөчө, акыркы беш жылда долбоорлор менен иштөөдө АРИС, USAID, Ага Хан, дем берүүчү гранттар, Чүй өнүктүрүү фонду тарабынан билим уясынын материалдык- техникалык базасын чыңдоодо 20 миллион сом каржыланды. Албетте, бул жагдай окутууда, келечек муундарды тарбиялоодо ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, сапаттуу билим берүүдө жогорку көрсөткүчтөрдү жаратууга негиз болду. Өзгөчө, компьютердик класстардын, электрондук китепкананын ачылышы, жаш мугалимдердин, насаатчылардын, ата- энелердин мектеби, интернет байланышынын чыңдалышы окуучуларды олимпиадага, ЖРТ, PISA- 2025 ж.б. сынактарга даярдоодо, катышууда өз жемиштерин берип келет. Долбоорлор менен иштөөдө үч жылда үч кабаттуу мектептин чатыры жаңыланып, пластик түрүндөгү эшик, терезелер коюлду,- деди ал сөз башында.

Директор андан ары мектеп алдындагы аянтчага таманташ (брусчатка) төшөлүп, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жумуштары жүргүзүлгөнүнө,  дени сак балдарды тарбиялоо, сергек жашоо образын түзүү максатында долбоор тарабынан 3 миллиондон ашык сомго кичи футболдук аянтча курулуп, жакында райондун акими Ниязбек Козуевдин, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мээрим Аширбаева жана мекеме-уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда ачылыш аземин өткөрүшкөндөрүн айта кетти. Ал эми спорт зал, ашкана, окуу бөлмөлөрү заманбап жабдуулар менен жабдылып, билим берүүгө толук кандуу шарттар түзүлгөн.

ОКУТУУНУН ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АЧКЫЧЫ

СҮРӨТТӨ: Билим берүүнүн отличниги Елена Посмитная (ортодо) мугалимдер менен окутуунун жаңы технологиялары жаатында ой бөлүшүүдө

Жаңыланууга жол салган кызматташтык

Билим берүү тармагын өнүктүрүүдө келечек муундарды кесипке тарбиялоодо ар тараптуу кызматташтыктын таасири зор. Сөз коломтосу козголгон мектеп өлкөбүздөгү жана чет мамлекеттеги жогорку окуу жайлары менен кызматташып, окуучулардын келечегине жол салып келет.

-Мен ушул мектептин бүтүрүүчүсүмүн. Жогорку окуу жайын аяктап, мугалимдик кесипти бир топ жыл аркалап, 1998- жылдан бери директор болуп эмгектенип келем. Дегеним, бул мектептин күнгөй- тескейин, көйгөйүн да жакшы билем. Ошондон улам билим берүүдө окутуунун жаңы технологияларын колдонуу менен сапаттык көрсөткүчтөрдү жаратууга, ар тараптуу кызматташтыкты түзүүгө, долбоорлор, демөөрчүлөр менен иштөөгө, менеджер болууга, башкысы жагымдуу шарт түзүүгө багыт алдым. Маселен, 2021- жылдан бери Россиядагы Шадрин мамлекеттик педагогикалык университети менен билим берүүдөгү кызматташтык максатында келишим түзүлгөн. Анын негизинде жыл сайын 2- 3 бүтүрүүчүбүз ал жогорку окуу жайынан бюджеттик негизде билим алып жатышат. Мындан сырткары алар тарабынан уюштурулган » Келечектеги интеллигент» эл аралык илимий билим берүү сынагында биздин окуучулар гран- прини багындарып келишти. Өлкөбүздөгү И. Арабаев атындагы КМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ жана көптөгөн коллеждер менен түздөн-түз кызматташып келебиз. Мындай иш аракеттер билим берүүнүн сапатын арттырса, окуучулар мектеп партасында эле келечек кесибин аныктоого мүмкүнчүлүк алат. Ал эми мугалимдердин кесиптик чеберчилигин, квалификациясын жогорулатууда окутуунун актуалдуу маселелеринин алкагында төгөрөк столдо баарлашуу, семинар, конференция, сынактар, предметтик декадалар ж.б. байма- бай өтүлүп турат. Дал ушундай педагогикалык ишмердүүлүк, ар тараптуу кызматташтык  «Мыкты мектеп- 2022» сынагынын республикалык туруна катышууга жол ачты, — деп, сөзүн жыйынтыктады менеджер- директор Мирлан Суеркулов.

Баланын жан дүйнөсүн ачуу- мугалимдин колунда

Балдар дүйнөсү өтө назик, сезимтал, кыялкеч жана ой чабыты ар тараптуу келет эмеспи. Мугалим сабакта алардын жан дүйнөсүн ачып, аны менен эң жакын мамиледе болгондо, тилин, дилин тапканда гана коюлган максаттуу багыттар турмуштук мүнөз алат. Ошондо гана жетишкендиктерге жол ачылып, билимдеги жогорку көрсөткүчтөр ачыкталат. Буга далил катары сандык көрсөткүчтүн сапаттык деңгээли сыпатталат. Өткөн 2022- 2033- окуу жылында мектепти 30 бүтүрүүчү аяктаса, анын 80ден ашуун пайызы, тактап айтканда, 25 бүтүрүүчү ЖРТда 110 баллдан жогорку көрсөткүчкө ээ болгон. 30 бүтүрүүчүнүн 24ү жогорку окуу жайларына өтүшкөн. Ал эми билим күчүн сыноодогу олимпиадада райондо командалык көрсөткүчтө 1- орунду багындырышкан. Натыйжада, облуска төрт окуучу катышып, эки байгелүү орундарды ээлешкен. Республикалык олимпиадада 10- класстын окуучусу Одина Кучкорова кыргыз тили боюнча катышып, жемиштүү ийгиликтерди жараткан.

-Мектебибиздин жыл өткөн сайын материалдык- техникалык базасынын чыңдалышы билим сапатын көтөрүүгө оң таасирин тийгизүүдө. Окутууда көп тилдүүлүккө өзгөчө басым жасалганы менен иш чараларыбыз, иш кагаздары мамлекеттик  тилде жүргүзүлөт. Бул окутуу орус жана кыргыз тилиндеги балдардын тилди өздөштүрүүсүнө, сүйлөө маданиятын калыптоого оң таасирин тийгизүүдө. Биздеги жагымдуу жагдайлардын бири өз демилгебиз менен бирдей мугалимдик формага өттүк. Бул ата-энелерден, окуучулардан таасын айырмалап, мугалимдин кадыр-баркын көтөрүүгө да өбөлгө түзөт. Өткөн жылдарда маалымат булактары аркылуу бул өзгөчөлүгүбүз коомчулукка таркаганда өлкөбүздүн ар тарабынан жылуу пикирлерге кабылдык. Бул бизди кубантты жана мугалим болгонубузга сыймыктандык,- деди, директордун орун басары, КРнын билим берүүсүнүн отличниги Жаңылай Сулайманова.

Ибраим ЧОТОВ, «Кут Билимдин» өз кабарчысы

Бөлүшүү

Комментарийлер