ОКУТУУ БОЮНЧА КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

  • 28.03.2023
  • 0

18-марттан 25-мартка чейин башталгыч мектепте математиканы окутуу методиканы өнүктүрүүгө багытталган мугалимдери үчүн тренинг өткөрүлдү.

ОКУТУУ БОЮНЧА КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

Бул тренинг Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту бекиткен 144 сааттык башталгыч класстардын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасынын бөлүмү болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасы боюнча 13 миң 500гө жакын башталгыч класстардын мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу башталгыч мектеп окуучуларынын ийгиликтүү окуу жана жашоо үчүн зарыл болгон базалык жана функционалдык окуу көндүмдөрүн жакшыртууга өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.

Окутуу USAIDдин “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер