ОКУРМАН ОКУУЧУ

  • 06.02.2023
  • 0

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класс мугалимдери Абылкасымова Айпери жана Темирбекова Сезимдин жетекчилиги астында (4-класстардын кураторлорунун коштоосу менен) 4-класстар арасында Ч. Айтматовдун чыгармаларын окуу боюнча “Окурман окуучу” интеллектуалдык мелдеши эки этаптан болуп ѳттү.

ОКУРМАН ОКУУЧУ

Маалыматка таянсак, 1-этапта жалпы 93 окуучу катышып, Sun-Rav платформасына түзүлгѳн тесттен ѳтүп, 2-этапта окуучу ата-энеси менен биргеликте Ч. Айтматовдун чыгармаларынан сценка коюп, суроолорго жооп берип, мелдеш жыйынтыкталды. Жеңүүчүлѳр китеп жана грамоталар менен сыйланышты/

 

ОКУРМАН ОКУУЧУ

— Эң мыкты иш чара болду. 4-класстардын окуучулары залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун чыгармаларын окуп, кайра сахнада каармандардын образдарын кадимки сахна чеберлериндей аткарганы, чыгарманын мазмунун жакшы түшүнгөндүктөрүн айгинеледи. Мында мугалимдердин эмгектери зор экенин белгилегим келет. Жунусакунова М., Мамбетакунова Г., Абылкасымова А., Темирбекова С., Өскөнбай кызы Рыскүл эжейлердин мыкты билим-тарбиясынын таасири демекчимин, — дейт калыстар тобунун мүчөсү, КР эмгек сиңирген мугалими Гүлүмкан Асанкадырова.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер