ОКУМУШТУУЛАР КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САЛТТАРЫН ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРЫН ТАЛКУУЛООДО

  • 12.07.2022
  • 0

2022-жылдын 9-июлунан 12-июлуна чейин Билим берүү жана илим министрлиги, “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору — ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы биринчи клубу Чолпон-Ата шаарында “Тарыхый эс-тутум, элдердин салттары жана кошумча билим берүүдөгү инновациялар” аттуу X Эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрүүдө.

Конференция “Ысык-Көл досторун чакырат” Эл аралык этно-карнавалынын алкагында уюштурулуп, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” концепциясын ишке ашырууга багытталган. Конференциянын негизги максаты — педагогиканын инновациялык идеяларын өнүктүрүү жана жайылтуу, тарыхый эс тутумдун жана кошумча билим берүүнүн салттарынын негизинде идеяларды ишке ашыруунун актуалдуу стратегияларын издөө.

Конференцияга алыскы жана жакынкы 9 өлкөдөн билим берүү тармагындагы 140ка жакын алдыңкы окумуштуулар катышууда.

Конференциянын программасында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын, Өзбекстан Республикасынын Билим берүү министрлигинин мектептен тышкаркы билим берүүнү, спорт жана туризмди уюштуруу департаментинин башчысынын орун басары Б.Аминованын жана Белоруссия, Казакстандын өкүлдөрүнүн баяндамалары бар.

Конференциянын жүрүшүндө профессор Ишенгүл Болжурова менен КР УИАнын мүчө-корреспонденти Эсенбек Мамбетакуновдун баяндамалары бар.  Ал эми Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, педагогика илимдеринин доктору Назира Дюшеева конференциянын катышуучуларына мастер-класс өткөрөт.

Мектептен тышкаркы уюмдардын директорлору, кызматкерлери ар кайсы өлкөнүн окумуштууларынан кеңеш ала алышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер