ОКУМУШТУУЛАР ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ЭСКЕРИШТИ

  • 11.06.2020
  • 0

Кечээ, 10-июнда, Онлайн Университетинин платформасы Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөн күнүнө карата “Айтматов ааламы” аттуу эскерүү иш-чарасын өткөрдү.

Эскерүү акын, окумуштуу Гүлзада Станалиеванын Ч.Айтматовго арнаган эскерүү ырынын видеосу менен ачылды.

Белгилүү адабиятчы, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Осмонакун Ибраимов “Айтматовдун көп эле сөздөрү чындыкка чыгып отурат. Ошондуктан биз Жер планетасы үчүн жоопкербиз. Айтматовдун көп тилдерге которулушунун бирден бир себеби – ал жол көрсөтүүчү пайгамбар катары Планетаны айланып жүргөн түбөлүктүү образ, жандоочусу болду”, – деди.

Түркиялык адабиятчы, Кастамону университетинин профессору, Кыргызстан Айтматов академиясынын мүчөсү Орхан Сөйлемез: “Ч.Айтматовдун бир эле чыгармасын окуган адам жашоо, Жер планетасы, экология жөнүндө ойлоно баштайт. Мына, ошол экологияга, жан-жаныбарга жасаган мамилебизди кайрадан ойлонууга түрткөн пандемияга кабылып, үч ай болду, үйдөн чыга албай калдык”, — деп Ч.Айтматовдун даанышмандыгын баса белгиледи.

Түркиянын Карабүк университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы Түрк дүйнөсүн изилдөө борборунун жетекчиси, доцент Жылдыз Исмаилова борбор тарабынан көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп жатканын айтты.

“Биздин студенттерибиз Ч.Айтматовдун чыгармаларын изилдеп илимий иш жазып жатышат. Көптөгөн китептер которулду, биздин борбор Карабүк университети менен  биргелешип Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча Түркия, Кыргызстан, Азербайжан жана Казакстан мамлекеттеринин ортосунда илимий иш-чараларды өткөрүүдөбүз. М.Кашгари университетинде Ч.Айтматовго арналган бөлмө ачтык”, – деп, жасалган иштери жөнүндө маалымат берип кетти.

Иш-чараны белгилүү диктор Айнура Кабатай кызы алып барды.

Белгилей кетсек, Ч.Айтматовду эскерүү иш-чарасы эл аралык деңгээлде алгачкы жолу онлайн форматта өткөрүлдү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер