«ОКУГАНДЫ ЖАЗГАНДЫ, БИЗ МЕКТЕПТЕН ҮЙРӨНДҮК!» ДЕШЕТ АРУУ ТИЛЕК БАЛДАР
- 04.05.2021
- 0
Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 1-«д» классында «Алиппе майрамы» зор уюшкандыкта өттү.
Аделина: Кубанычыбызды тең бɵлүшкɵнү келишкен ата-энелер, бүгүнкү Алиппе майрамыбызга (хор менен) кош келиңиздер!
Алишер:
Сентябрда мектепке,
Келдик билим алганы.
Кыйналчуубуз басынып,
Окуй албай тамганы.
Айлин:
Шаңга толгон мектебим,
Таалайымсың сен менин.
Гүл кучактап толкунданып,
Самап сени келгенмин.
Ибрагим:
Бактылуу ушул күнүбүз,
Ак мектеп биздин үйүбүз.
Мээрими ысык энедей,
Арналат тунук сүйүүбүз.
Айбийке:
Босогоңду аттагандан,
Билим болду бергениң.
Жатка жазып окуганды,
Эми ɵзүм билемин.
Байсал:
Окуганды жазганды,
Ыр-табышмак айтканды.
Биз мектептен үйрɵндүк,
Кемитүүнү кошконду.
Кичипейил болгонду,
Биз мектептен үйрɵндүк.
Мектебине, «Алиппе» китебине, билим берген эжейине ыраазы окуучулар бул күнү обондуу ырларды ырдашып, элдик акыл-насааттарды жатка айтышып, мугалимдерин, ата-энелерин кубанычка бөлөштү.
— Окуучулар окуганды, жазганды, кошконду, кемиткенди үйрөнүштү. Алардын ийгилигине ата-энелер да кубанып жатышат, — дейт 1-«д» классынын куратору Мусаева Аманбүбү.
А. Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер