ОШМПУДА ОКУГАН БАТКЕНДИК СТУДЕНТТЕР ТОЛУК КАМКОРДУКТА

  • 04.05.2021
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Жаштар комитети окуу жайда билим алып жаткан баткендик студенттерден кабар алып, аларды азык-түлүк менен камсыздады.

28-30-апрель күндөрү Баткен облусундагы чек арада чыр чыккандыгына байланыштуу облустун окуу жайда билим алып жаткан студенттерин ОшМПУнун жетекчилиги көзөмөлгө алып, жатаканага жайгаштырган.

Студенттердин кичи мекенинде болуп өткөн курч окуялардан тынчсызданган студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Жаштар комитетинин төрагасы Чолпонбек Самат уулу тарабынан керектүү азык-түлүктөр таратылды.

ОШМПУДА ОКУГАН БАТКЕНДИК СТУДЕНТТЕР ТОЛУК КАМКОРДУКТАБүгүн болсо окуу жайда «Баткен элине жардам» аттуу кайрымдуулук марафон өтөт. Ага кайдыгер эмес жарандардын баардыгы чакырылат.

Окуу жайдын психолог адистеринен түзүлгөн топ психологиялык жактан жабыр тарткан Баткен элине жеринде жардам берүү үчүн да жөнөп кетишти.
Белгилей кетсек Ош шаардык мэриясынын демилгеси менен аталган жардамдар ишке ашып, Оштогу жогорку окуу жайлардан жумушчу топтор түзүлгөн. Алар талапка жараша этап, этап менен жөнөтүлүп жатат.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер