ОКСФОРД УНИВЕРСИТЕТИНДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ КУРСУ АЧЫЛАТ

  • 11.03.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиядагы иш сапарынын алкагында, аталган өлкөнүн парламентиндеги Кыргызстан боюнча партиялар аралык парламенттик топтун жетекчиси Роберт Стюарт менен жолугушту.

ОКСФОРД УНИВЕРСИТЕТИНДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ КУРСУ АЧЫЛАТ

Жолугушууда парламенттер аралык байланыштын учурдагы абалы талкууланып, кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү маселелери каралды.

Төрага Нурланбек Шакиев быйыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 32 жыл толгондугун эске салып, буларга токтолду.
— Бул убакыт аралыгында үзгүлтүксүз диалог калыптанып, мамлекеттер аралык байланыш түптөлдү. Бирок ал реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү камтыбайт. Андыктан кызматташтыкты дагы күчтөндүрүп, соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүүбүз кажет. Кыргызстан энергетика, тоо-кен жана туризм жаатында Британиянын ишкерлери менен кызматташууга кызыкдар, – деди.

Ошондой эле коюлган максаттарга жетүүдө парламенттик дипломатиянын салымы чоң экенин айткан төрага тармактык комитеттердин, достук топторунун алкагындагы байланыштарды чыңдоо зарылчылыгына токтолду. Андан сырткары, Оксфорд университетинде кыргыз тилин окууну каалагандар үчүн курс ачуу демилгеси коюлду.

ОКСФОРД УНИВЕРСИТЕТИНДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ КУРСУ АЧЫЛАТ

— Байыркы элдердин бири саналган кыргыз калкынын тилин окуткан курстун ачылышы эки тараптуу алакаларды чыңдоодо гана эмес, эл аралык байланышты арттырууда да өзгөчө мааниге ээ. Биз кыргыз тил курсун колдойбуз жана бардык керектүү жардамдарды көрсөтөбүз. Келечекте аталган курс тилди гана үйрөтпөстөн, кыргыз маданиятын жана баалуулуктарын таанытууга да көмөкчү болот деген ишеничтебиз, – деди Нурланбек Шакиев.

Кошумчалай кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примов, Жанарбек Акаев, Лейла Лурова, Эльдар Сулайманов, Жылдыз Садырбаева жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер катышты.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер