ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАР ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ

  • 22.04.2020
  • 0

Быйылкы Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында жыл сайын салтка айланган Биз ХХI кылымдын интеллектуалдарыбыз кароо-сынагынын облустук туру онлайн түрүндө өткөрүлдү.

Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору Э.Эргешовдун берген маалыматына таянсак, райондон тандалып алынган беш окуучу облустук турга катышып, өздөрүнүн активдүүлүгүн жана техникалык чыгармачылыкка болгон кызыгууларын көрсөтүштү.

— Окуучулар өздөрүнүн теориялык алган билимдерин практика жүзүндө көрсөтө алышты. Анткени алар жыл ичинде алган билимдерин ийримдеги сабактары аркылуу чоң ийгиликтерди багындырат. Облустук турга онлайн аркылуу катышкан окуучулар, жаратман экспонаттары жана ээлген ордуларына токтолсом, жер титирөөнү эскертүүчү аппаратты ойлоп тапкан Калыев Баяман 1-орунга чыкса, кар көчкүдөн коргонуу моделин иштеп чыккан Темирбаев Мирсал, акылдуу розетканы ойлоп тапкан Нарматов Эрланбек 2-орунду камсыз кылышса, моторлуу велосипеддин ээси Гапыржанов Мухаммед менен инвенсиондук столду жасаган Алымов Бекзат 3-орунду багынтышты, — дейт сыймыктануу менен борбордун директору.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер