ОГПИНИН ЖАШ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨЧҮЛӨРҮ ЧОГУЛДУ

  • 10.03.2021
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда илим изилдеген студенттер арасында “Илим жана студенттердин  сабаттуулугу” аттуу тегерек стол болуп өттү.

Иш-чаранын башкы бөлүгү илимий баяндама жасоо менен коштолуп, математика жана компьютердик-технологиялар факультетинин студенти Аселкан Эргешбай кызы, гуманитардык факультетинин студенттери Кылымбү Эркебай кызы жана Айтбү Адылбекова жалпы сабаттуулук боюнча баяндама жасашты.

Окуу жайдын Россиянын Урал федералдык университетинде химия багыты боюнча магистратураны бүтүрүп келген Айгүл Исамидин кызы жана Айзат Абдразак кызы “Илим изилдөөгө эмнелер талап кылынат” деген темада өздөрүнүн баяндамасын жасашты. Бул менен бирге чет өлкөдө окуу, компетенттүү кадр болуу боюнча өз маалыматтары менен бөлүшүп, катышуучулар арасында кызуу талкуу жүрдү.

Соңунда тегерек столго катышкан илимий эксперттер тарабынан  жаш илим изилдөөчүлөргө бир нече ой-пикирлер айтылып, конференциянын жүрүшүндө белгиленген сунуштар кабыл алынып, мындан ары анын үстүндө иш алып барыла турган болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер