ОГПИНИН СТУДЕНТТЕРИ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БОЮНЧА САБАК АЛЫШТЫ

  • 01.03.2019
  • 0

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2019-жылдын потенциалдуу коркунучу бар аймактарында жашаган калкты жана кызматкерлерди жеринде барып окутуу жана коомчулукка коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү планына ылайык Ош гуманитардык-педагогикалык  институтунда студенттерге жана окутуучуларга министрликтин тиешелүү адистери тарабынан окутуу иши жүргүзүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

ОГПИНИН СТУДЕНТТЕРИ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БОЮНЧА САБАК АЛЫШТЫ

Иш-чарага ӨКМ Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун түштүк кафедрасынын башчысы, подполковник Д.Садиков, ӨКМ Ош шаары боюнча башкармалыгынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн улук офицери, улук лейтенант А.Абдубалиева, ӨКМ Ош шаары боюнча башкармалыгынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн  жетектөөчү адиси А.Матисаков баштаган өкүлдөр катышып, жер титирөө, өрт коопсуздугу жана техникалык коопсуздук, аларды алдын алуу эрежелери боюнча кеңири маалымат беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер коопсуздук жаатта түрдүү суроолор менен кайрылышып, ага адистерден толук кандуу жоопторду ала алышты. Жолугушуунун соңунда коопсуздук эрежелерин сактабагандын кесепетинен келип чыккан кырсыктарды чагылдырган тарбиялык, таасирдүү видео ролик көрсөтүлүп, ар кимдин жашоо коопсуздугу өз колунда экендигин эскертишти.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер