ОГПИНИН СТУДЕНТТЕРИ  АМЕРИКАЛЫК ЫКТЫЯРЧЫЛАРДАН ТИЛ ҮЙРӨНҮШҮҮДӨ

  • 03.02.2020
  • 0

Өткөн жылдын декабрынан бери Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна Америка Кошмо Штатынан атайын ыктыярчылар келип, студенттерге англис тилин жакындан үйрөтүп жатышат.

ОГПИНИН СТУДЕНТТЕРИ  АМЕРИКАЛЫК ЫКТЫЯРЧЫЛАРДАН ТИЛ ҮЙРӨНҮШҮҮДӨ

Texas жана Ohio  штатынан келген адистер атайын келишимге ылайык окуу жайдын гуманитардык факультетинде ишмердүүлүк жүргүзүшүп, англис тили адистигинде окуган жана тил үйрөнүүгө кызыктар студенттерге чет тилин өздөштүрүүгө багытталган түрдүү сабактарды өтүшүүдө.  Эки айдан бери алар тил үйрөтүү менен бирге кыргыз элинин маданияты, үрп-адаты жашоо-турмушу менен таанышып жатышат.

ОГПИНИН СТУДЕНТТЕРИ  АМЕРИКАЛЫК ЫКТЫЯРЧЫЛАРДАН ТИЛ ҮЙРӨНҮШҮҮДӨ

Курста окуп жаткан студенттер бул сыяктуу ыктыярчылар менен чет тилин үйрөнүү абдан жеңил жана таассирдүү экенин айтышат. Алардын айтымында, күндө өтүлүп жаткан сабактар кызыктуу болуп, тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгү кеңейүү менен билим алууга мыкты шарт түзүлүүдө.

Белгилей кетсек, ОГПИнин аталган англис тили адистигинде бир миңге жакын студент билим алаат. Алардын сапаттуу кадр болуп чыгуусу үчүн жетекчилик тарабынан ушул сыяктуу жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, үйрөнгөн тилди практика жүзүнө ашыруу багытында түрдүү саамалыктар уюштурулуп  келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер