ОГПИНИН ПЕРИСИ ТАНДАЛДЫ

  • 26.04.2018
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун 2018-жылдагы сулуусу болуп музыкалык-педагогикалык факультетинин студенти Абдижапар кызы Нурайым тандалып, диплом жана муздаткыч менен сыйланды. 
Окуу жайдын «ОГПИ периси — 2018» кароо сынагы 24-апрелде өтүп, ар бир факультеттен бирден сулуу катышты. Конкурсанттар жободо көрсөтүлгөн «Саламдашуу», «Акыл карачач», «Стилдүү пери» жана «Таланттуу пери» деп аталган төрт тапшырманын негизинде таймашышып, сахнада өздөрүнүн чыгармачылык чеберчиликтерин жана өнөрлөрүн тартуулашты. Натыйжада III орунга математика жана компьютердик технологиялар факультетинин периси Каныбек кызы Эркинай жана колледждин периси Мамасалиева Кулпунай жетишип, “ОГПИнин ийкемдүү периси – 2018” наамы, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты. II орунду болсо  Кыргыз-Россия факультетинин студенти Шамырбекова Айзат ээлеп, “ОГПИнин таланттуу периси – 2018” наамы, диплом жана кир жуучу машина менен сыйланды. Андан сырткары жалпы катышуучуларга Оштогу “Тезжет экспресс” компаниясынын демөөрчүлүгү жана окуу жайдын колдоосу менен Өзбекстан жергесине бир жумалык саякатка жолдомо ыйгарылды.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер