ОГПИНИН МЫРЗАСЫ ТАНДАЛДЫ
- 01.04.2019
- 0
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун факультеттери ортосунда өткөн «ОГПИнин МЫРЗАСЫ — 2019» кароо сынагында музыкалык-педагогикалык факультетинин студенти Аппазов Аалым ОГПИнин 2019-жылдагы мырзасы деп аталды.
Иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата жигиттердин мырзалык сапаттарын, жаштардын коомдогу ордун жакшыртып, улуттук каада-салттарды жана маданиятты өз деңгээлинде калптандыруу максатында окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан уюштурулду.
Конкурсанттар сынактын жобосунда белгиленгендей “Саламдашуу”, “Интеллектуал мырза”, “Күч сынашуу” жана “Таланттуу мырза” деп аталган төрт тапшырма боюнча таймашышып, сахнада өз чеберчиликтерин тартуулашты. Ага жалпы жети мырза катышып, жыйынтыгында 3-орунду гуманитардык факультеттин студенти Кубанычбек уулу Чыңгыз, 2-орунду математика жана компьютердик технологиялар факультетинин студенти Абубакиров Мухаммад ээледи. Жеңүүчүлөргө жана активдүү катышкан мырзаларга окуу жай тарабынан атайын диплом жана баалуу белектер ыйгарылды.
Комментарийлер