ОГПИНИН МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРИ САЯКАТТАП КЕЛИШТИ

  • 11.07.2018
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун алдыңкы 35 студенти коңшу Өзбекстандын бир катар тарыхый-маданий жерлерине саякатка барып келишти.

ОГПИНИН МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРИ САЯКАТТАП КЕЛИШТИ

Бул окуу жайда жыл сайын мыкты студенттерге стимул берүү максатында ар тараптуу жетишкен алдыңкы студенттерди саякатка жөнөтүү, алардын маданий эс алуусун камсыздоо салтка айланган. Ушул салтты утурлай быйылкы окуу жылынын жыйынтыгы менен спорт жаатында ийгиликке жетишкен, чыгармачыл, таланттуу, мыкты окуган студенттер, жаш илимпоздор жана түрдүү багыттагы конкурстардын жеңүүчүлөрү  Андижан, Ташкент жана Самарканд шаарларына институттун эсебинен саякаттап келишти. Саякатчылар бир топ тарыхый музейлерге, археологиялык жайларга, тарыхый улуу инсандардын күмбөздөрүнө, мечиттерге, өзгөчө архитектуралык жасалга менен курулган имараттарга, маданий борборлорго жана окуу жайларга барышып, өзбек элинин маданияты, салт-санаасы, үрп-адаты, тарыхы, жашоосу менен   жакындан таанышып келишти. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер